Кызы “аталап” чуркап... Равшан Жээнбеков камакка алынды. Видео

Жазылуу
Экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылууда.

Биринчи Май райондук соту мурунку депутат Равшан Жээнбековду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Жээнбеков ал жакта 2020-жылдын 9-февралына чейин болот.

Бывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таштагы окуя: чуу жараткан пакеттин ичиндеги буюмдар ачыкталды
Жээнбековду Биринчи Май райондук сотунун аймагынан алып чыгып кетип жатканда кызы артынан “аталап” чуркаган. Жакындары да автоунаанын чыгып кетишине тоскоолдук жаратышкан.

Буга чейин экс-депутаттын ИИМдин Тергөө башкармалыгына сурак бергенден кийин Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу")  боюнча кармалганы маалымдалган.

Равшан Жээнбеков парламенттин V чакырылышынын депутаты болуп шайланып келген. Кой-Таш окуясында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарабында болгону белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0