Нан сатуу. Архивдик сүрөт

Калктын аяр катмарына арзан нан сатылат

243
(жаңыланган 17:40 15.12.2019)
"Келечек" мамлекеттик ишканасы жети жылдан бери түрдүү азык-түлүк, кийим-кече жана турмушка керектүү буюмдарды өндүрүп келет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы калктын аяр катмары үчүн камкордук акциясын жарыялады. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

"Акцияга ылайык, пенсионерлер, социалдык коргоого муктаж адамдар, студенттер, ардагерлер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өздөрүн күбөлөндүргөн документтер аркылуу Кыргызстандын чоң шаарларында арзан нан сатып алса болот", — деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, салмагы 450 грамм бөлкө 12 сомдон сатылат.

"Келечек" мамлекеттик ишканасы жети жылдан бери түрдүү азык-түлүк, кийим-кече жана турмушка керектүү буюмдарды өндүрүп келет.

Акциянын алкагында нанды кайдан сатып алса болот:

  • Бишкек шаары, Масалиев көчөcү, 91;
  • Ош шаары, Баялинов көчөcү, 25:
  • Жалал-Абад шаары, Ленин көчөcү, 174;
  • Каракол шаары, Ленин көчөcү, 194;
  • Балыкчы шаары, Ысык-Көл көчөcү, 179.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети ноябрь айынын башында ундун баасы бир кыйла жогорулаганын билдирген болчу.

243
Белгилер:
азык-түлүк, акция, нан, ЖАМК
Тема боюнча
Депутат: чет өлкөдөн ун көп келип, 3000дей кыргызстандык ишсиз калды
Кыргызстанда канча бала тое тамак жебейт. Жүрөк ооруткан статистика
Өкмөт ун менен буудайды экспорттого тыюу салууну пландап жатат. Себеби