Президент Жээнбеков Сауд Аравиясына учуп кетти. Кимдер коштоп кетти?

Жазылуу
Өлкө башчы Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышып, мекендештер менен жолугушары маалым болду.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Сауд Аравия Падышалыгына учуп кетти. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сапардын алкагында президент Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз аль-Саудга, мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз аль-Саудга жана Аш-Шура мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим аль-Аш-Шейхке жолугат.

"Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат. Мындан тышкары, Сауд өнүктүрүү фондусунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, аткаруучу директор Халид аль-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хаджар менен соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн жолугушуулар пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчы Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышып, мекендештер менен жолугушат.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с руководителями СМИ Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков БАЭде жашаган мекендештер менен жолукту
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, КРдин Сауд Аравия Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулатиф Жумабаев бар. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынан тизмеге Алмазбек Баатырбеков, Бакыт Төрөбаев, Акылбек Жапаров, Искандер Гаипкулов, Курманкул Зулушев жана Төрөбай Зулпукаров кирген. Ошондой делегаттардын арасында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, экономика министри Санжар Муканбетов жана айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0