Моделдер. Архивдик сүрөт

Мода дүйнөсүн багынткан кыргызстандык сулуулар. Көз талдырган сүрөттөр

6110
(жаңыланган 11:13 16.12.2019)
Кыргызстанда дагы моделдикти аркалап, журнал беттерине чыгып, подиумда бурала басып, ири мода бренддери менен кызматташкан кыздар жок эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги төбөсү көрүнүп калган моделдерди тизмектеди.

Бегимай Карыбекова

Бул сулуу кыз "Кыргызстан сулуусу — 2017" наамын алгандан кийин көбүрөөк таанылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BEGIMAI KARYBEKOVA (@begimai_karybekova)

Былтыр Карыбекова "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына катышкан биринчи кыргызстандык кыз болду. Ал алдыңкы орундарга ээ болбосо да өлкө атын таанытканга салым кошту. Кечээ жакында эле беделдүү делген италиялык Emporio Armani брендинин модели болду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BEGIMAI KARYBEKOVA (@begimai_karybekova)

Ошондой эле Миландагы мода жумалыгына катышып, италиялык дизайнер Брунелло Кучинеллинин кийимин кийип чыккан.

Салидат Хамилова

Кыргызстанда төрөлүп-өскөн кыз учурда АКШда жашайт. Моделдик карьерасын Бишкекте студент болуп жүргөндө баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от SALIDAT (@salidatttt)

Бийкеч америкалык сүрөтчүлөр менен тыгыз иштешет. Соңку ирет Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышып, Ким Шуи жана Эшли Рэйнор аттуу дизайнерлердин коллекциясын тааныткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от SALIDAT (@salidatttt)

Айжан Асемова

Кыргызстандагы белгилүү блогер жана моделдердин бири. Instagram социалдык тармагы аркылуу таанылып, учурда 967 миң катталуучу топтой алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aijan Asemova (@aijanasemova_)

Алгач 14 жашында кийим дүкөнүндө моделдикти аркалаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aijan Asemova (@aijanasemova_)

Өлкөдөгү ири компаниялардын роликтерине тартылып, журнал беттерине чыгып келет. "Жарайт сити" долбооруна жана казакстандык "Хештегнутые" сериалына тартылган.

Каныкей Аилчиева

Аилчиева алып баруучу катары көбүрөөк таанымал. Моделдик чөйрөдө Москвадагы эл аралык сынакта "Азиянын сулуусу" наамын алгандан кийин белгилүү боло баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Каныкей Аилчиева (@kanikey.ailchieva)

Ушул сынактын алкагында мода жана таланттар сынагы өтүп, катышуучулар дизайнер Вячеслав Зайцевдин кийимин кийип чыгышкан. Анда кыргызстандык сулуу "Мыкты подиум модели" аталган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Каныкей Аилчиева (@kanikey.ailchieva)

Бир канча айдан кийин Түркияда өткөн Universe Beauty — 2019 сулуулук, мода жана талант фестивалынын баш байгесин жеңип алган.

Мээрим Атантаева

Моделдиктен тышкары актрисалыкты да аркалап келет. Түштүк Кореяда өткөн Asian Model Festival сынагында эки ирет "Борбордук Азиянын мыкты модели" деп табылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Meerim Atantaeva :-.)🌹 (@meerimatantaeva_)

Кино жаатында "Мунабия", "Курут", "Страшно красивый" жана "Луч надежды ", "Таксист" сыяктуу тасмаларга тартылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Meerim Atantaeva :-.)🌹 (@meerimatantaeva_)

Атантаева учурда россиялык сериалдарга тартылууда.

6110
Белгилер:
мода, актриса, модель, сулуу, Кыргызстан
Тема боюнча
"Дүйнө сулуусу" сынагына "Кыргызстан сулуусу" эмес, башка кыз катышууда. Чоо-жайы
Жолдошу айткан жерде жашоого даяр. Модель Бегимай Карыбекова тууралуу 8 факты
Москвадагы олимпиада чемпиону медалдары менен. Архивдик сүрөт

Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу

19
(жаңыланган 18:34 15.07.2020)
Москва олимпиадасында пайдаланылбай калган медалдар, алардын дизайны жана курамы жөнүндө Sputnik жасаган материалдан кенен тааныша аласыз.

Алексей Стефанов

1980-жылы өткөн ХХII Жайкы олимпиада оюндарында тапшырыла турган медалдардын эскизи 1974-жылы, Москва бул ири иш-чараны өткөрө турган шаар катары тандалгандан кийин чийиле баштаган. Ал 1977-жылы Афина шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) 80-сессиясында бекитилген.

"Госзнак" ишканасынын мааалыматына таянсак, Ленинграддагы монета сарайында (азыр "Госзнактын" Санкт-Петербургдагы монета сарайы) 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлык жасалган. 

Открытие выставки Москва и спорт
© Sputnik / Сергей Пятаков
Открытие выставки "Москва и спорт"

Эрте келген даңк жана капыстан кеткен өмүр. Автордун тагдыры

1977-жылдын башында Олимпиаданы өткөрө турган уюштуруу комитети мыкты деген эскизди тандап алган. Анын башкы бетинде Жеңиштин кудайы Ника Колизейдин фонунда сол колуна пальманын бутагын, ал эми оң колуна жеңүүчүнүн лаврдан жасалган чамбарын кармап турат.

Флоренциялык сүрөтчү Жузеппе Кассиолинин сүрөтүн Эл аралык олимпиада комитети 1928-жылы бекиткен. Ошондон бери медалдын негизги бетине түшүрүлүп келген. Болгону оюндун кезектеги саны жана өткөрүлгөн жылы алмашчу.

Медалдын кырына жеңүүчү машыккан спорттун түрү жазылган.

Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко

Ал эми экинчи бетинде стадиондун аренасынын фонунда олимпиаданын күйүп турган оту түшүрүлгөн. Оң жагында өйдөрөөк Москва Олимпиадасынын эмблемасы — Кремль мунарасынын сүрөтү чуркай турчу жол түрүндө тартылып, ага олимпиада шакекчелери кошулган. Бул долбоор менен уюштуруу комитети ЭОКтун сессиясына учуп кеткен. 

Золотая медаль XXII Олимпийских игр в Москве.
© Sputnik / Б. Елин
Золотая медаль XXII Олимпийских игр в Москве

Москва олимпиадасынын медалына 30дагы жаш жана таланттуу Илья Постол аттуу скульптор жигит автор  болгон. Илья советтик белгилүү скульптор, реставратор жана педагог Алексей Постолдун уулу эле. Ал Дубосеково алдында "Панфиловчу 28 баатырга", Москвадагы "К-19 атомаринасынын моряктарына" деп аталган монументалдык курулуштарынын автору болгон.

Замандаштары Илья Постолдун монументализмге абдан жакын болгондугун, эстелик медалдары боюнча көп иштегендигин айтышат. Олимпиада медалынан сырткары "Тысячелетие Крещения Руси 988-1998", "800 лет памятнику древнерусской литературы "Слово о полку Игореве" деп аталган эмгектери болгон. Ал эми мамлекеттик маанидеги медалдары платинадан да куюлган.

Бирок скульптордун тагдыры трагедиялуу болуп, 1988-жылы 38 жашында Илья Постол каза тапкан. Кээ бир маалыматтарда аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөн деп айтылып келет. 

Церемония награждения победителей и призеров соревнований по академической гребле.  Девушки в национальных костюмах несут медали. Московский гребной канал в Крылатском. XXII Летние Олимпийские игры в Москве.
© Sputnik / Андрей Соломонов
XXII Летние Олимпийские игры в Москве

Ашыкча медалдарды эмне кылышты?

Ленинграддагы монета сарайында жасалган 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлыктар биринчи орунду алган 204, экинчи орунду камсыздаган дагы 204, үчүнчү орунга жеткен 223 адамга берилген. Калгандарын эмне кылышты?

"Эл аралык олимпиада комитети бир нече сандагы медалга буюртма берет. Алар сөзсүз түрдө ашыгы менен даярдалат, себеби спорттун кээ бир түрүндө экиден чемпион чыгып калышы мүмкүн. Ал эми калганын өзүнө калтырат. Андан сырткары, олимпиадалык бардык символикалар, сувенирлер, дагы башка нерселер аталган комитетке өтөт. ЭОКтун макулдугусуз Олимпиада өткөргөн өлкө музейине эстелик катары алып кала албайт. Көчүрмөсүн жасап алууга да болбойт", — деп түшүндүрдү СССРдин ошол кездеги Олимпиада комитетинин төрагасы жана Россиянын Олимпиада комитенинин президенти Виталий Смирнов.

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Олимпиада өткөрүү тарыхында спротчулар медалды албай койгон учурлар болгон. Алар да ЭОКко кетип турган. 1972-жылы АКШнын баскетбол боюнча командасы экинчи орунда калганы үчүн сыйлоо учурунда чыкпай койгон. Биринчи орун, алтын  —  СССРдин, үчүнчү орун, коло Кубанын курама командасына ыйгарылган.

Смирнов Олимпиада медалдарынын курамы ЭОК тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөрүн айтып берди. Ал жыл сайын өзгөрүшү мүмкүн, бирок Эл аралык олимпиада комитетинин талаптарына жооп бериши керек. 

Александр Мелентьев
© Sputnik / Алексей Федосеев
Александр Мелентьев

Олимпиада-80де сыйлыктардын курамы төмөнкүдөй болгон: алтын медаль 925 үлгүдөгү күмүштөн жасалып, алты грамм алтын менен капталган; күмүш медаль 925 үлгүдөгү чылк күмүштөн, ал эми коло медаль жез (88–97 пайыз) менен цинктин (10 пайыздан ашпаган) эритмесинен даярдалган.

Кыргызстандын 10 олимпиада чемпиону

Москва-80де медалды эң көп СССР алган. Советтик спортчулар 80 алтын, 69 күмүш жана 45 коло медалга ээ болгон. Экинчи орунду ГДРдин атлеттери камсыздаган. Алар 47 алтын, 37 күмүш жана 42 коло алып кеткен. Үчүнчү орунга Болгариянын курама командасы чыккан. Алар мекенине 8 алтын, 16 күмүш жана 17 коло медаль менен кайткан.

19
Белгилер:
жеңиш, коло, күмүш, медаль, алтын, спорт, Олимпиадалык оюндар, СССР
Тема:
Москвадагы Олимпиада-80
Тема боюнча
Каныбек Осмоналиев: небере кызымдын атын Олимпиада койгом
Даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров жөнүндө 12 факты
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо жаатындагы Кыргызстандагы белгилүү адистер менен жолукту

Жээнбеков мындан аркы абалды болжолдоо үчүн алдыңкы медиктерден жардам сурады

6
Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков адистердин азыркы кырдаал боюнча пикирлерин, Саламаттык сактоо министрлигинде жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо жаатындагы Кыргызстандагы белгилүү адистер менен жолугуп, азыркы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууда Сооронбай Жээнбеков адистердин кырдаал боюнча пикирлерин, Саламаттык сактоо министрлигинде жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.

Кыргызстан 13 тез жардам унаасын сатып алды, үчөөнүн ИВЛ аппараты бар. Сүрөт

"Медиктер азыр коронавирус менен болушунча күрөшүп жатат. Баарыбыз учурдагы көйгөйлөр менен алекпиз. Бирок илдет менен күрөшүүдө иш натыйжалуу болуш үчүн кырдаалга анализ кылуу жана өлкөдө илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл. Ошол себептен өкмөткө иш жүзүндө жардам берүү керек", — деди Жээнбеков.

Президент аймактарда илдетке чалдыккандардын саны өсө баштаганын айтып, жер-жерлердеги медиктерге кеп-кеңеш берип, алардын квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын белгилеген.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

Ал эми президент менен жолуккан адистер саламаттык сактоо тармагынын иш-аракеттерин координациялоо үчүн Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүүнү сунуш кылышкан.

Өлкө башчы менен жолуккан адистер:

  • Нурлан Бримкулов — медицина илимдеринин доктору, профессор, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы;
  • Касымбек Мамбетов — ДССУ эксперти;
  • Акпай Сарыбаев — медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору;
  • Омор Касымов — медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору;
  • Айнура Кутманова — медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси;
  • Аида Зурдинова — медицина илимдеринин доктору, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу;
  • Нуриля Алтымышева — Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору;
  • Бактыгүл Камбаралиева — дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис.
6
Белгилер:
коронавирус, кырдаал, жолугушуу, адистик, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бир суткада 954 адам пневмонияга кабылган. Ооругандардын саны 9 204кө жетти