Өкмөт жаңы жылдагы эс алуу күндөрүн бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чаранын катышуучулары
Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чаранын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында "2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтомго кол койду.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар жаңырган 2020-жылдын биринчи жумасы эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда айтылат.

Ага ылайык, 1-январдан 7-январга чейин эс алуу болот. 

Токтомдо 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күн (9-май дем алыш) 4-майдагы иш күнүнө которулары белгилүү болду.

Ошентип Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле май айында 1-майдан 5-майга чейин эс алмай болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0