Болот Шамшиевдин абалы оорлоп, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер, народный артист СССР и Кыргызстана Болот Шамшиев
Режиссер, народный артист СССР и Кыргызстана Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамшиев 22-ноябрда президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган. Анын ден соолугуна кам көрүү маселесин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлгө алганы маалым болду.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев ден соолугу начарлап, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бул туурасында маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине анын кызы Сүйүтай Шамшиева тастыктады.

Анын айтымында, режиссер үч жума мурда президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган.

"22-ноябрдан бери абалы оор. Так диагнозун айтыша элек. Боору, бөйрөгү ооруп, кан басымы түшүп, организми бүт жабыркап жаткандай болуп атат. Айтор, эмнеси ооруп жатканын так биле албай жатабыз", — деди Шамшиева.

Ал атасынын ден соолугуна кам көрүү маселесин жакында эле өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алганын кошумчалады.

Ал эми президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгери Гүлмира Бекиеванын айтымында, бүгүн, 16-декабрда, чоң консилиум өттү.

"Бүгүнтөн баштап дарылоонун жаңы планын киргиздик. Буга чейин да бир нече ирет консилиум өткөргөнбүз. Бейтаптын абалы оор. Ортодо бир убакыт жакшы болуп калды эле, төрт күн мурда ден соолугу кайра начарлап кетти. Биз так диагнозун айта албайбыз, азырынча сыр бойдон калсын деп сүйлөштүк", — деди Бекиева.

Дочь кинорежиссера Толомуша Океева Азиза Океева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Океева: атам унутулуп баратат, жада калса Бишкекте эстелиги жок
Дарыгер 18-декабрда кайрадан консилиум боло турганын кошумчалады.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти наамдары бар. "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн"
жана башка белгилүү кинолордун режиссёру.

Жаңылыктар түрмөгү
0