Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архивдик сүрөт

Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты

132
(жаңыланган 20:33 16.12.2019)
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы массалык башаламандык жана барымтага алуу иштери боюнча суракка чакырылган болчу.

БИШКЕК, 16-дек. Sputnik. Кундуз Жолдубаева сурак бергенден кийин коё берилди, кармалган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолдубаева бүгүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына 7-8-августта Кой-Ташта болгон башаламандык, барымтага алуу жана адам өлтүрүү боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган болчу.

ИИМ өз билдирүүсүндө "Жолдубаева кармалды" деп социалдык тармакка тарап кеткен маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.

7-августта УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөрүп, бирок ал ишке ашпай калган. Бирок жай тургундар менен болгон кагылышта атайын кызматтын бир жоокери каза болгон. 8-августта укук коргоо органдары кайтадан атайын операция кылып, анда Атамбаев багынып берген болчу. Эки күндөгү окуялардан жүздөн ашык киши ар кандай жаракаттарды алган.

132
Белгилер:
сурак, милиция, Кундуз Жолдубаева, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)
Тема боюнча
ИИМ башчысы: Кой-Таштагы окуя боюнча 53 берене менен иш козголгон
Момбеков Кой-Таштагы окуяга анын атын кошуп койгон мамкомиссияга нааразы болду
ИИМ: Кой-Ташта көз жумган жоокерге Атамбаевге таандык снайпер мылтыгынын огу тийген
Бишкектеги аялдамада бет кап кийип отурган аял. Архивдик сүрөт

Мэрия: Бишкек азыр кооптуу, коронавирус жуктуруп алуудан абайлагыла

19
(жаңыланган 14:45 04.06.2020)
Мэрдин орун басары шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, бет кап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу брифинг учурунда калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

"4-июнга карата Бишкекте коронавирус жуктурган адамдардын саны 499га жетти. Алардын 77си четтен келген жана 422си ооругандар менен байланышта болгон жарандар экени аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат", — деди Кузнецова.

Бүгүнкү күндө вирустан дарыланып чыккандардын саны 300 адамга жетти.

Мэрдин орун басары вирус жуктуруу коркунучу жогору бойдон турганын айтып, шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, бет кап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди аткарууга чакырды.

19
Белгилер:
карантин, коронавирус, мэрия, Татьяна Кузнецова, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда 28 кишиден коронавирус чыкты
Каныңыздын тобу кайсы? Коронавируска көп туруштук бере албачулар айтылды
Жээнбеков: коронавирус инфекциясы аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды
Бишкектеги кафелердин биринде санитардык текшерүү өткөрүү. Архивдик сүрөт

Бишкекте санитардык эреже бузгандар 1,2 миллион сомдук айыпка жыгылды

21
(жаңыланган 14:35 04.06.2020)
Вице-мэр ишкерлик кылгандардын көбү санитардык эрежелерди сактаганы менен алардын арасында моюн толгоп, тоготпогондор да бар экенин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Борбор калаада 11-майдан бери санитардык эрежени сактабаган ишкерлерге 1 миллион 253 миң 500 сом айып пул салынды. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда айткан.

"Мобилдик топтор күн сайын эртеден кечке чейин базарларды, соода жайларын, сулуулук салондорун, дүкөндөрдү кыдырып, текшерип жатат. Андан сырткары, транспортту да көзөмөлгө алышууда", - деди ал.

11-майдан тарта аталган топтор 4 435 объектини текшерген.

Бишкектин вице-мэри ишкерлик кылгандардын көбү санитардык эрежелерди сактап жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.

Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

21
Белгилер:
айып пул, санитардык талаптар, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте санитардык тартип бузулса кимге билдирүү керек. Номерлер
Нарында санитардык эрежени сактабаган ишкерлер айыпка жыгылды