Россия кызылча дартына каршы 100 миң доза вакцина берет

© AFP / Daniel MIHAILESCUЛечение кори в Бухаресте
Лечение кори в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда кызылча дарты көзөмөлдө экенин айтып, 2019-жылдын тогуз айында ооругандардын саны миллион кишиге 27,5 учур туура келген.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Россия жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 100 миңдей доза вакцина берет. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага таянуу менен жазды.

Попова ушундай эле жардам жыл башында Белоруссияга берилгенин кошумчалады.

Ал өз сөзүндө Россияда кызылча дарты көзөмөлдө экенин айтып, 2019-жылдын тогуз айында ооругандардын саны миллион кишиге 27,5 учур туура келгенин белгиледи.

"Роспотребнадзор кызылча менен күрөшүүдө чет мамлекеттерге жардам берүү программасын жандандырды. Кызматтын адистери өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүн окутуп, кызылча менен кызамык дартын лабораториялык диагностика кылууда жардам берип жатышат", — деди ал.

Мындай жардам орус өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0