Ала-Бука айыл өкмөт башчысы шайланды

Жазылуу
Айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышкан. Шайлоого 31 депутат катышып, жеңүүчү алардын 17 добушун алган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөт башчысы шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдык кеңештин депутаттарынын 17 добушун алган Самат Койчумбаев жеңишке жеткен. Бул кызматка эки адам талапкерлигин койгон.

Ала-Бука айылдык кеңешинде жалпы 31 депутат бар. Шайлоого баары тең катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0