Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пунктарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пунктарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары Абылгазиев бажыдан кандай автоунаада эмне товар өтүп жатканын онлайн режимде көрүп, көзөмөлдөп турат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пункттарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду. Мындай көзөмөл кылуучу система ишке киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с председателем Государственной таможенной службыАлтынбеком Торутаевым
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пунктарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пунктарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с председателем Государственной таможенной службыАлтынбеком Торутаевым
Өкмөт башчы кечээ, 17-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевди кабыл алган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өкмөт башчы кечээ, 17-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевди кабыл алган
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с председателем Государственной таможенной службыАлтынбеком Торутаевым
Анда ал ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болорун билдирген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анда ал ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болорун билдирген.
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пунктарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду
2/3
Өкмөт башчы кечээ, 17-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевди кабыл алган
3/3
Анда ал ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болорун билдирген.

Өкмөт башчы кечээ, 17-декабрда, Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевди кабыл алган. Анда ал ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болорун билдирген.

"Бажынын орду мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн гана эмес, өлкөдө жагымдуу инвестициялык жана ишкердик климатты түзүү үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, ондогон жылдар ичинде коомдо бажы кызматкеринин терс образы калыптанып калды. Көпчүлүк учурда буга иштөө механизмдеринин начардыгы жана ачыктыктын жоктугу себеп болгон. Кытай менен чектешкен  өткөрмө жайларга коюлган көзөмөл комплекстери сыяктуу башка тилкелерди дагы заманбап техника менен жабдууга тийишпиз", — деди Абылгазиев.

Белорусско-латвийская граница - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1-январдан тарта пошлинасыз товар алуу шарты катаалдайт
Премьер-министрдин иш бөлмөсүндө иштей баштаган маалымат монитору бажыдан кандай унаада эмне товар өтүп жатканын онлайн режимде көрсөтүп турат. Муну менен инспекторлордун ар бир аракети көзөмөлгө алынат. Ошондой эле бул түйүн "Түндүк" мекемелер аралык электрондук системасына кошулган. Бажы кызматынын сайтынан бардык каалоочулар үчүн да жеткиликтүү болот.

Буга чейин ушундай эле маалымат монитору президенттин иш бөлмөсүнө да коюлары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0