Сөз эркиндигин коргоо үчүн Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Онлайн репортаж
Сөз эркиндигин коргоо үчүн Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Онлайн репортаж
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте митинг өтүп жатат. Уюштуруучулар акциянын максаты сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы туруу экенин билдирди. 18.12.2019, Sputnik Кыргызстан
Бишкекте митинг өтүп жатат. Уюштуруучулар акциянын максаты сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы туруу экенин билдирди.
Митингге шаардыктар, активисттер, журналисттер чыккан. Акцияга чыгуу демилгеси Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов үч ЖМКга миллиондогон доо койгондон кийин жаралган.
Буга чейин 25-ноябрда дагы ушул сыяктуу акция бажыдагы коррупция жана уурулукка каршы маанайда өткөн.
Желек көтөрүп чыккандардын башында "Кыргыз чоролору" бирикмесинин жетекчиси Замир Көчөрбаев турат. Ал келгендерди калпак кийип, беткабын чечүүгө чакырды.
12:11 18.12.2019
Тынчтык митингинин катышуучулары кызыл карточканы көтөрүүдө.
Митинг башталуу алдында турат. Ага чейин Керим Тураповдун айылды эске салган ыры жаңырууда.
11:37 18.12.2019
#REакция акциясынын катышуучулары 7-апрель курмандыктарынын эстелигинин алдына чогулууда. Кабарчыбиздин жеринен билдиришинче, учурда 100-130дай киши келди.