Биринчи жолу! Бишкектин бюджетине муниципалдык мүлктөн 100 млн. сом түштү

Жазылуу
Бишкек мэриясынын бюджетинин басымдуу бөлүгү билим берүүгө, медицинага жана шаарды жакшыртууга жумшалат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн колдонуудан түшкөн каражат биринчи жолу 100 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Калаа бийлигинин муниципалдык менчик башкармалыгы 2017-жылы 48 миллион сом тапса, 2018-жылы бул көрсөткүч 88 миллион сомду түзгөн. Ал эми быйыл 100 миллион сомдон ашты.

"Муниципалдык менчик башкармалыгынын ыкчам маалыматтары боюнча, имараттарды ижарага берүү менен шаар бюджетин 300 миллион сомго чейин чыгара турган резервдер бар", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясынын бюджетинин басымдуу бөлүгү билим берүүгө, медицинага жана шаарды жакшыртууга жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0