Бишкек менен Оштун жашоочуларына 14 пайыздык ипотека бериле баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроительство многоэтажных домов в Бишкеке
Строительство многоэтажных домов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңилдетилген шартта турак жай алууга берилген квоталардын саны чектелүү, андыктан эртерээк документ тапшыруу шарт.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) Бишкек жана Ош шаарларында "Жеткиликтүү ипотека" программасынын алкагында ипотекалык насыяны каржылоонун жаңыланган тизмесин түзүп жатат.

Мындай программа боюнча кардарлар 3 миллион сомго чейин насыя ала алат. Кутулуу мөөнөтү 15 жылга чейин. Баштапкы төлөм — сатып алына турган турак жай баасынын 20 пайызынан кем эмес болушу шарт. Насыянын жылдык үстөгү — 14 пайыз.

Курулуп жаткан үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында ипотекага курулган үйдө бош батирлер бар. Кантип канчага алса болот?
"Жеткиликтүү ипотека" долбооруна бюджеттик эмес мекемеде иштегендер, анын ичинде жеке ишкер жана фермерлер да катыша алат. Башкача айтканда, кыргызстандыктардын баары пайдаланса болот. Бирок квоталардын саны чектелүү, андыктан МИК эртерээк табыштама жиберүүнү эскертет. Ал үчүн керектүү документтерди Бишкек, Ош шаарларынын мэриясына жана райондук администрациясына тапшыруу зарыл.

"Жеткиликтүү ипотека" программасы менен турак жай алуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

  • Программага катышуу үчүн арыз;
  • Паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нуска);
  • Иш берүүчү тарап бекитип берген эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • Акыркы үч жылдын ичинде турак жайынын жоктугу тууралуу кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик органдын маалымкаты;
  • Жеке ишкер катары катталганы тууралуу күбөлүк же ишкердик менен алектенип салык төлөгөнү боюнча квитанция;
  • Жашаган жеринен маалымкат.

Толугураак маалыматты Мамлекеттик ипотекалык компания менен байланышып алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0