Матраимовдун аялы тууралуу жазган ЖМКларга болгон чабуулду иликтөө сунушталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүВирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах
Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар жергиликтүү басылмалар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын азем буюмдары тууралуу иликтөө материалын чыгарган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу кезектеги иликтөөнү чыгарган Кыргызстандагы сайттарга болгон DDoS чабуулду Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө амалдарын жүргүзүү керектигин сунуштады.

Белгилей кетсек, 17-декабрда бир катар жергиликтүү басылмалар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын азем буюмдары тууралуу иликтөө материалын чыгарган. Маалымат чыккандан кийин аны жарыялаган сайттарга DDoS чабуул болуп, айрым сайттар бир нече убакытка чейин ачылбай калган.

"DDoS чабуул биздин Жаза кодексинин 305, 306-беренелеринин негизинде кылмыш аракети катары эсептелет. Башкы прокуратура менен ИИМ бул аракетти Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, башка мамлекеттерге кайрылып тергөө кылса болот. Жакында эле биз кибер кылмыш аракеттерди изилдөө боюнча мыйзамды ратификацияладык. Аны биз КМШ алкагында кылсак болот", — деди Бекешев.

Эл өкүлү вице-спикер Аида Касымалиевага ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин тийишүү комитетине протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0