Акча жана унаа ачкычтары. Архивдик сүрөт

Жол эрежесин бузгандар айып пулду кантип төлөй баштайт. ЖКККББ жообу

451
(жаңыланган 12:44 19.12.2019)
Мыйзам долбоору жол эрежесин бузуунун сегиз түрүнө салынчу айып пулду үч эсе кыскартуу тууралуу болуп жатат. Документ кол коюу үчүн президентке жиберилген. Ал расмий жарыяланган он күндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду кантип төлөй турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айтып берди.

Жогорку Кеңеш жол эрежесин бузгандардын айып пулун 3000 сомдон 1000 сомго чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

11-декабрда парламентте ЖКККББ жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов аталган мыйзам долбоору күчүнө киргенден тарта айып пулун төлөй электердин суммасы өзгөрө турганын айткан. Депутат Кожобек Рыспаев мыйзам иштеп баштамайынча эч ким акчаны төлөбөй коюшу мүмкүн деп болжолдогон.

"Мыйзам күчүнө киргенде айып пулу тууралуу билдирме ала электер жаңы система менен төлөйт. Эгер алар 15 күн ичинде төлөсө, 50 пайызын же башкача айтканда 500 сом гана беришет. Ошол эле учурда мамлекет эскертме бергендер бар, алар төлөшпөйт, өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты күтүшөт. Бирок булар дагы жаңы система менен төлөйт, мындан тышкары 1000 сом тууму болот", — деп түшүндүрдү Исаев.

Мыйзам долбоору жол эрежесин бузуунун сегиз түрүнө салынчу айып пулду үч эсе кыскартуу тууралуу болуп жатат. Документ кол коюу үчүн президентке жиберилген. Ал расмий жарыяланган он күндөн кийин күчүнө кирет.

451
Белгилер:
мыйзам, айып пул, Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс, жол кыймылы, ЖКККББ
Тема боюнча
Кыргызстанда эл көп алган автоунаалар. Үлгүсү, баасы, жылы, куйган майы
КРде 2018-жылы оң рулдуу таксилерге тыюу салуу маселеси кайрадан жанданды
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

193
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

193
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

43
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

43
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты