Эмдөөнүн эч бир түрү аутизмге алып келбейт. Вакцинация тууралуу адистин маеги

© AFP / FRED TANNEAUБаланы эмдөө. Архив
Баланы эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан вакциналарды кайдан алат, алар кандай шартта сакталат, эмдөөдөн баш тартуу эмне үчүн кооптуу, кандай балдарды эмдөөгө болбойт? Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору менен маектешип, ушул жана башка суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

Баланы эмдетүү керекпи же жокпу? Бул акыркы жылдары Кыргызстанда ата-энелердин көбүн арсар калтырган суроого айланды. Ошону менен бирге эле эмделбеген бала өзү гана оорубастан, башка балдарга да дарт жуктурарын эске алуу зарыл. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага коомчулукта эң кеңири таралган, анын ичинде эмдөө менен аутизмдин байланышынын бар-жогу боюнча да соболдорду узаттык. Ата-энелердин туура чечим кабыл алуусуна бул маалымат көмөкчү болоруна ишенебиз.

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
Эмдөөнүн эч бир түрү аутизмге алып келбейт. Вакцинация тууралуу адистин маеги - Sputnik Кыргызстан
Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова

— Эмнеге көп ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартып жатышат?

— Азыр маалымат жана технологиялардын кылымындабыз, интернеттен эмдөөнүн кесепеттери бар дегендерди окуп алып, чочулашууда. Чындыгында бул тобокелчилик. "Баш тарткандарды" 2016-жылдан тарта каттай баштадык. Алардын 68 пайызы диний ишениминен, калганы вакцинанын сапаты жана курамынан шектенгендиги үчүн баш тарткан ата-энелер экенин тактадык. Булар негизинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда турган жаш ата-энелер.

— Кыргызстан вакциналарды кайсы өлкөдөн сатып алат?

— Бул суроону ата-энелер көп берет. Өлкө биринчи ирет вакцина сатып алып жатканы жок. Совет убагында да, андан кийинки көз карандысыздыкты алгандан кийин да сатып алынат. Бир гана өзгөргөнү — каржылык туруктуулук. Балдарды гана эмес, чоң кишилерди пландык эмдөө үчүн мамлекет жыл сайын 83-85 миллион сом бөлөт. Ошондуктан өкмөт жана Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинанын коопсуздугу үчүн толук жоопкерчиликти алат. Биз үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун текшерүүсүнөн өткөн вакциналарды гана сатып алганыбыз өтө маанилүү. Ар бир өлкөнүн эле мындай мүмкүнчүлүгү жок. Кыргызстан сатып алган вакциналар мөөнөтү, курамы, сакталышы боюнча бардык талаптарга ылайык келет. Жеткирип берген өлкөлөр JMP эл аралык сертификатка, дүйнөлүк рынокто абройго ээ. Бельгиялык, япондук, болгариялык, индиялык өндүрүштөгү, башкача айтканда, ар кайсы өлкөлөрдөн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун текшерүүсүнөн өткөн вакциналар кымбат, ошондуктан өлкөбүз аларды донорлордун — Эмдөөнүн глобалдык альянсынын да көмөгү менен сатып алат. Албетте, арзан, маселен, россиялык өндүрүштөгү вакциналар да бар, бирок алар өз калкы үчүн гана чыгарылгандыктан, эл аралык сертификатка ээ эмес. Кытай да арзан баада өндүрөт, бирок алардын дагы сапат стандарты боюнча тийиштүү документи жок.

— Вакциналардын сапатын, коопсуздугун текшерүүчү лабораториялар барбы?

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келин — кайнененин күңү эмес. Диний ишмер мусулман бүлөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу
— Тилекке каршы, жок, себеби алар абдан кымбат турат. Көп ата-энелерди дал ушул нерсе тынчсыздандырат. Сапатына ынаныш үчүн вакциналарды кайда жана кантип текшерүүгө болорун көп сурашат. Аларга эң башкы көрсөткүчү терс таасиринин жоктугу экенин айтабыз. Ар бир флакондун атайын индикатору бар, ал жылууга да, суукка да таасирленет. Сапатына КР өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги жооп берет.

— Вакциналар кандай шарттарда сакталат? Талапка ылайык келеби?

— Кыргызстанда атайын бул үчүн бүтүндөй муздак тутум иштелип чыккан. Вакциналар үч жылдык мөөнөт менен келет. Республикалык иммунопрофилактика борбору медициналык мекемелерге вакциналардын жеткирилишине жооптуу. Ар бир кызматкер тийиштүү окуудан өткөн. Биз баарына байкоо салып, мониторинг кылып турабыз. Аймактарды кыдырып, вакциналар сакталчу температураны текшерип турчу атайын санитардык кызматтар бар. Жер-жерлерде күн сайын таңда жана кечте текшерилет. Вакциналардын бир тобу +2, +8 градуста (тирүү бактериялар бар жерде), айрымдары -25 градусту талап кылат. Өкмөт жыл сайын бизди муздатуучу жабдыктар менен камсыздап турушу өтө маанилүү, анткени тиричиликте колдонулчу муздаткычтар вакциналарды сактоого жарабайт.

— Катачылык менен эскирип кеткен вакциналар колдонулган учурлар болду беле?

— Андай болушу да мүмкүн эмес. Себеби бул жөн гана дары эмес, иммунобиологиялык препарат. Ар бир медициналык кызматкер жана анын жетекчиси керт башы менен жооп берет.

— Мамлекеттик жана жеке бейтапканалардагы вакциналар сапаты боюнча айырмаланабы?

— Мамлекеттик жана жеке бейтапканалар да вакциналар менен бир борбордон, тагыраак, улуттук кампадан камсыздалат. Жеке клиникалардын вакциналарды алышына уруксат  Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилет. Буга мыйзам жол берет. Бирок алар милдеттүү календарда жок вакциналарды да алышат. Мисалы, кене энцефалити, сары безгек, менингит, сасык тумоого каршы да эмдөө жүргүзүшөт. Бирок алар акысыз эмдеп, кызматы үчүн гана акы алат.

— Милдеттүү эмдөөлөрдүн графигин ийкемдүү кылууга болобу, себеби ар бир баланын өнүгүшү жекече го?

— Эмдөөдөн мурун бала текшерилет. Анын медициналык картасы, өнүгүүсү каралып, неврологиялык статусу эске алынат. Ооба, баланы эмдөөнү убактылуу жылдырып туруучу клиникалык протоколдор бар. Башкача айтканда, балдар милдеттүү күн санактан бошотулуп, аларга ылайык болгон маалда эмделет.

— Кандай балдарды эмдөөгө болбойт?

— Неврологиялык статусу бар балдарга эмдөө жасалбайт. Ошондой эле ар бир бала эмдөө убагында ден соолугу чың болушу шарт. Дене табы текшерилет, жалпы абалы каралат. Андан кийин гана педиатр эмдөөгө жиберет. Эгер бала невропатологдун кароосунда болсо, анда кайрадан текшерүү белгиленет.

— Айрым вакциналардын курамында мээнин өнүгүшүнө терс таасир этчү сымап бар имиш, ушул чынбы?

Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланын кыркы чыккыча үйдөн чыкпай коюу туура эмес. Дарыгер менен маек
— Бизге да ушул суроону көп узатышат. Айрым ата-энелер эмдөөдөн кийин аутизм өрчүдү дешет. 1994-жылы эле америкалык окумуштуу, ысымы эсимде жок, аутизм менен вакцинацияны байланыштырган изилдөө жүргүзгөн. Эки жылдык соттук териштирүүлөрдөн кийин ал мындай пикиринен баш тарткан. Бирок эмдөөгө каршы кампаниянын башталышына ошол эле пикир жетиштүү болду.

Вакцинанын курамы боюнча... Албетте, мен химик эмесмин, бирок алардын курамы белгилүү. Ооба, курамында сымап жана башка химиялык элементтер бар вакциналар да жок эмес, бирок эл аралык жоболор жол берген аз ченемде камтылган. Биздин өлкөдө эмдөө аутизмге алып келгени боюнча бир да тастыктоо жок.

— Бул боюнча санаа тартууга негиз жокпу?

— Биздин милдет — ушундай шектерден арылтуу. Медициналык кызматкерлер фактыга таянышат. Эгер андай учурлар катталган болсо, биз сөзсүз түрдө чара көрмөкпүз. Балдар ар башка врачтардын текшерүүсүнөн өтөт, андай бүтүм чыккан учур болгон эмес. Вакциналар аутизмге алып келбей турганы илимий жактан далилденген. Эмдөөдөн соң энцефалит же башка сезгенүүлөр болушу мүмкүн, бирок аутизмге алып келбейт.

Андай фактылар Кыргызстанда да, дүйнөнүн эч бир жеринде да катталган эмес. Эмдөөдөн кийин дене табы көпкө ылдыйлабай (2-4 күн), токтобой чыргоолонушу өңдүү ар бир кыйыр таасирине көз салабыз. Ар бир учур комиссия менен иликтенет. Эмнеге андай реакция болору боюнча негиздер камтылган клиникалык токтомду иштеп чыкканбыз.

Негизинен БЦЖ-вакцинага (кургак учукка каршы эмдөө — ред.) реакция болот, натыйжада лимфаденит болушу мүмкүн. Эгер вакцинага байланыштуу кандайдыр сезгенүүлөр болсо, андай факты тастыкталса, бала майыптыкка катталса, анда мамлекет бардык чыгымды өз мойнуна алат.

— Мамлекеттик мекемелердин невропатологдору эмдөөдөн мурун аныктай алышабы?

— Эмдөө төрөлгөндөн тарта жасалат. Ар бир ата-эне баласы кандай өнүгүп жатканын жакшы билет. Мүмкүн, ал жөн гана дал келүү, балким, баланын башка да оорусу болгондур. Биз ар бир учурду иликтейбиз.

— Медициналык кызматкер ката кетирген учурда кандай жоопко тартылат?

— Юридикалык жактан олуттуу териштирүүлөр болгон эмес, бирок ата-энелердин даттануулары, кайрылуулары бар. Мындай учурларда комиссия түзүлөт, кыйыр таасирлерди атайын критерийлер боюнча карап, алардын эмдөөгө байланышы бар-жогун изилденет.

Жаңы төрөгөн жубайын кучактап жаткан эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрөткө катышкан эркек киши аялынан иренжийби? Дарыгер өнөк менен төрөө тууралуу
2012-жылы медайым туура эмес техника менен сайган пентаваленттик вакцина (баланы 5 ооруга каршы эмдөө) чуу жараткан. Ал жазасын алды.

Өлкөдө облустук жана райондук деңгээлдеги комиссиялар бар, аларга кайрылууга болот. Эгер ал учур ийне-жибине дейре талдоону талап кылса, анда республикалык комиссияга арыз жазууга болот.

— Баары бир эмдөөнүн кыйыр таасири бар турбайбы.

— Ооба. Мыйзам медициналык кызматкерлерди гана эмес, ата-энелерди да коргойт. Биз кыйыр таасирлерди эпидемиологиялык көзөмөлдөйбүз. Дагы кайталап өтөйүн, негизинен, БЦЖ-вакцинасынын таасири болот, бөлөк орчундуу кесепеттери бир дагы ирет катталган эмес. Бала эмделгенден кийинки 30 мүнөт аралыгында врачтын көзөмөлүндө калууга тийиш, дароо кетип калбаш керек. Андан кийин да 1-2 күн баланын абалын байкап турабыз. Медициналык кызматкерлер көмөктөшөт. Алар энелерге эмдөөдөн кийин дене табы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн, бирок бул кадыресе таасир экенин эскертишет.

— Эмдөөгө каршы кампаниянын башаты кайда? Кандай маалымдоо иштери жүргүзүлөт?

— Калктын эмдөөгө терс мамилеси атайын таратылган маалыматтардан улам болуп жатканын изилдөөлөр көрсөтүүдө, чамасы дүйнөлүк деңгээлде каржыланган кампания го дейм. Андай кампания Кыргызстанда эле эмес, Казакстан жана башка бир топ өлкөлөрдө жүрүүдө. Облус, райондордо иштегенимде айрым ата-энелердин колунан аутизм, алтургай, эмдөөдөн кийин өлүмгө алып келчү учурлар туурасындагы маалыматтар жазылган дисктерди көрдүм. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул көйгөйгө терең маани берет.

Биз Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматынын адистери менен дайым тажрыйба алмашып турабыз, ал жактагы кесиптештердин айтымында, атайын мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Мисалы, кайсы бир илимий кызматкер, мейли профессор же доцент болсун, вакцинация боюнча негизсиз маалыматты жазса, ал административдик жоопкерчиликке тартылат. Ар бир өлкө жол издөөдө.

Диний ишенимдеринен улам баш тарткандар көп болуп жаткандыктан, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Аалымдар кеңеши менен иш алпаруудабыз. Биздин буйруктарды эч ким окубайт, алар дин өкүлдөрүн көбүрөөк тыңдайт, ошондуктан, азыр мечиттерде таратууга боло турган түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгып жатабыз.

— Эмнеге бир эле баланын эмдөөдөн баш тартышы олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аман-эсен көз жаруу үчүн эмне кылуу зарыл? Гинекологдун маеги
— Маселен, эгер биринчи кабатта жашаган бала кызылча менен ооруп калса, тогузунчу кабаттагы бала жуктуруп алышы ыктымал. Вирустун таралыш радиусу абдан кеңири. Ошондуктан, ар бир ата-эне баш тартуу чечиминин кесепети боюнча акыл калчоого тийиш. Ушул тапта тийиштүү көрсөткүчкө — өлкө боюнча эмделгендердин санын 95 пайызга жеткирүү аракетиндебиз. Бирок көрсөткүчтөр төмөндөөдө, ал эми буга жол бербешибиз керек. Себеби, бул вакцина басып кое алчу инфекциялардын көбөйүшүнө, эпидемиянын чыгышына алып келет. Өлкө өнүгүүдө, аны менен бирге туризм да дагы. Бул тармак аба аркылуу жугуучу ар кандай оорулардын таралышын шартташы ыктымал. Вакцина жогорку контагиоздук дарттарды тизгиндейт.

— Өлкөдө кызылча, кызамык бир жылы күч алган, себептери аныкталдыбы?

— Ооба, 2015-жылы ошондой кырдаал жаралды. 17 бала кызылча менен ооруду. Алардын 50 пайызы убагында эмделген эмес. Кызылчага каршы эмдөө 1 жана 6 жашта жасалат. Жети айлык, сегиз айлык балдар ооруп калды. 20 пайызынын ата-энеси эмдөөдөн таптакыр баш тарткан. Ошондо кызылчага каршы эмдөө кампаниясын баштаганбыз, анын алкагында калктын эки жаштан 20 жашка чейинки тургундарынын 96 пайызы эмделген.

Айтмакчы, ушул тапта паротитти каттоо жүрүүдө. 1992-2000-жылдар аралыгында өлкөдө каржылоонун жоктугунан улам эмдөө үзгүлтүккө учурап, 300 миңден ашуун бала бул ооруга каршы эмделген эмес. Бала паротитке каршы вакцинанын эки ченемин алууга тийиш, бул вакцина кымбат турат. Мурда эмделбегендер азыр 15, 19, 20, 29 жашта. Биз алардын ар биринин аты-жөнүнөн бери билебиз. Бул курактагылар үчүн моновакцина сатып алууга каражат караштырып жатабыз.

Вакциналар боюнча маалыматты (0312) 32-31-11 номуру аркылуу байланышып да сурасаңыз болот.

Маек "Биз — ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул — ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлөнү жоопкерчилик менен куруу, ошону менен бирге эле кош бойлуулукту, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча аялдар менен эркектердин маалымдуулугун арттырууну көздөйт. Белгилүү кыргызстандыктардын ата-энелик вазийпасын кантип аткарганы, ошондой эле ушул багытта кеп-кеңеш, сунуш берген адистердин (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун) маектери назарыңыздарга сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0