Акыйкатчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча маалымат берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Алмазбека Атамбаева с председателем Ассамблеи народа Кыргызстана Токоном Мамытовом
Встреча президента Алмазбека Атамбаева с председателем Ассамблеи народа Кыргызстана Токоном Мамытовом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчы мурдагы президенттин макулдугу жок аны менен эмнелерди сүйлөшкөнүн толук айта албай турганын белгилеген.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жана кандай шартта кармалып жатканын айтып берди.

Мамытовдон Sputnik Кыргызстан агенттиги үчүн Лев Рыжком комментарий алган.

Акыйкатчынын айтымында, ал өзү жана институттун кызматкерлери бир нече ирет мурдагы мамлекет башчысынан кабар алышкан.

"Мен барган кезде ден соолугу боюнча арызданган эмес. Болгону кан басымы боюнча бир аз көйгөй бар экенин билдирген. Дарыгерге айтайын десем "кереги жок, аларга кайрылгам, жардам берип жатышат" деп жооп берген. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди башкы укук коргоочу.

Акыйкатчы аны кармоо шартына дагы кызыккан.

"Ал кызматкерлерге, шартка, режимге карата нааразычылыгы жок экенин билдирди", — деди Мамытов.

Акыйкатчы мыйзамга байланыштуу башка маселелер боюнча дагы талкуулашканын айтып, бирок Атамбаевдин макулдугу жок анын жоопторун элге жарыялай албай турганын белгиледи.

Кой-Таш окуясы

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Алмазбек Атамбаев адам өлтүрүүгө шектелип жатат
Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес.

Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0