УКМК Ширин Айтматованын жолдошун эмне себептен кармаганын айтты

Жазылуу
Кечээ кечинде Ширин Айтматова жолдошун Алматы аэропортунан кармап кетишкенин соцтармакка жазган. УКМК себебин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдошунун кармалышына түшүндүрмө берди.

УКМК имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК "Азаттыктын" журналисттерин суракка келүүсүн суранды
Айтматова күйөөсүнүн кармалганы тууралуу соцтармак аркылуу кабарлаган. Анын айтымында, окуя Алматы аэропортунда болгон. УКМК Айтматованын жолдошу кайдан кармалганын тактаган эмес.

УКМКга Кытай жараны 350 миң долларын Сыргак Кенжебаев аттуу кыргызстандык адамга алдатып жибергенин айтып кайрылган. Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин ("Ири көлөмдө акчага алдоо") негизинде иш козголгон.

Комитеттин билдиргенине караганда, кытайлык жаран кытайлык ири компаниянын өкүлү катары "Коопсуз шаар" долбооруна катышуу үчүн Бишкекке келген.

"Сынакка даярдык көрүү маалында чет элдик жаран С.К. аттуу жаран менен таанышып, ал күтүлбөгөн чыгымдар үчүн деп 350 миң доллар алган. Андан кийин акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Мындан тышкары, С.К. тарабынан кошумча 250 миң доллар талап кылынганы далилденди", — деп айтылат маалыматта.

С.К. 20-декабрда колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. УКМК Айтматованын жолдошу кармалганы тууралуу маалыматы жок экенин, анткени экс-депутат сурак учурунда ажырашып кеткенин айтып бергенин кошумчалады. Ал эми Сыргак Кенжебаев менен "көпкө созулбаган жарандык никеде жашаганын" белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0