Бажыдагы автоунааны каттаган жайлар 11 күн катар түнгө чейин иштейт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын 31-декабрында ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн кирген транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктайт.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бажыдагы автоунааларды каттоо жайлары 1-январга чейин дем алышсыз, түн ортосуна чейин иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Автомобиль Peugeot 5008 - Sputnik Кыргызстан
Автоунаанын бажы төлөмү качан арзан болот? Экономика министрлиги түшүндүрдү
2019-жылдын 31-декабрь күнү саат 23.59.59да автоунааларды жеңилдетилген тариф менен каттатуу мөөнөтү аягына чыгат. Бул жарандар үчүнчү өлкөлөрдөн жеке максатта алып кирген автолорго тиешелүү.

Каалоочулардын бардыгы жетишип калуусу үчүн "Түндүк" жана "Түндүк-Чыгыш" бажыларында каттоо кызматтарынын ишин 20-31-декабрь күндөрү саат 00.00гө чейин узартуу буйругу чыкты.

Автоунааларды төмөнкү даректерден каттатса болот:

  • "Түндүк" темир жол бажысында "Автомобильный" бажылык каттоо жайы. Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а;
  • Түндүк-Чыгыш бажысында "Автомобильный" бажылык каттоо жайы. Дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, "РИОМ Авто" унаа базары;

Эске салсак, 2019-жылдын 31-декабрында ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн кирген транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0