Бишкектеги троллейбустун айдоочулары салондорун кооздошту. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекНовогоднее оформление троллейбусов №2 в Бишкеке
Новогоднее оформление троллейбусов №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкылардан болуп №2 троллейбустун айдоочулары Улан Биялиев менен Аскат Кыштообеков салонун кооздоп, жолго чыгышты.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкектин троллейбус айдоочулары жүргүнчүлөргө жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында салондорун кооздоп жатышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин троллейбус айдоочулары жүргүнчүлөргө жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында салондорун кооздоп жатышат
Бишкектеги троллейбустун айдоочулары салондорун кооздошту. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин троллейбус айдоочулары жүргүнчүлөргө жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында салондорун кооздоп жатышат
"Троллейбус көздөгөн жерге жете турган транспорт гана эмес, жаңы жылдык маанай жараткан жер. Биринчилерден болуп №2 троллейбустун (борт номери 1620) айдоочулары Улан Биялиев менен Аскат Кыштообеков жолго чыгышты", — дешти мэриядан.

Учурда башка троллейбустар дагы кооздолуп жатат. Алар кийинки жумадан тарта жүргүнчүлөрдү кубантышат.

Мындан сырткары, маалыматта коомдук транспорттун айдоочуларын сылык болууга чакырган тренингдер өтүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0