Казакстан январдан тарта "Кордай" өткөрүү пунктун жабат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонтрольно-пропускной пункт "Ак-Жол"
Контрольно-пропускной пункт Ак-Жол  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап 2020-жылдын январь айынан тарта "Кордай" өткөрүү пунктун жаап, ремонт иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" — "Кордай" өткөрүү пункту реконструкция иштерине байланыштуу убактылуу жарандарды кабыл албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

19-декабрь күнү "Кордай" өткөрүү пунктунда Жогорку Кеңештин депутаттары казакстандык кесиптештери менен жолугушуп, бул маселени талкуулашты.

Казак парламентинин төрагасынын орун басары Владимир Божконун айтымында, аталган өткөрүү жайы ремонт иштерине байланыштуу январь айында жабылмакчы.

"Ремонт иштерине байланыштуу жарандарды өткөрүү токтотулат. Бул эки өлкө үчүн тең ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Менимче, жарандарыбыз туура түшүнүп, жакынкы өткөрүү жайларынын кызматын пайдаланып турат. Бирок "Ак-Тилек" — "Кара-Суу" пункту жүк ташуучу унааларга гана ылайыкталган. Эске салсак, бул өткөрүү жайы 1975-жылы курулган, бул жагын унутпашыбыз керек”, — деди Божко.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирдан Бакиров бул жагдай эки өлкөнүн экономикалык абалына тоскоолдук жаратпашы керек деген оюн айтты.

Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластагы "Кичи-Капка" өткөрмө пункту кайрадан иштей баштайт
"Кытайдан кирген товарлар экинчи, үчүнчү мамлекеттерде өтүп кеткен учурлар болгон. Биз андай көрүнүштү токтотууга аракет кылып жатабыз. Бул максатта кыргыз-кытай чек арасына товарларды тыгыз көзөмөлдөөчү аппараттар коюлуп жатат. Менимче, казак жана кыргыз элинин ортосунда чечилбей турган маселе болбошу керек. Анткени биз бир тууган элбиз. Мындан ары мамилелерибиз бекемдеши гана керек”, — деди Бакиров.

Мындан тышкары, тараптар товар жүгүртүү, коррупцияга каршы күрөш боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу кеп кылышты.

Парламентарийлердин кезектеги жолугушуусу Кыргызстанда өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0