Кыргызстандагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары Надира Жусупбекова быйылкы окуу жылында 8000 мугалим квалификациясын дистанциялык түрдө жогорулата турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташканын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өкмөттүн социалдык блогунун ЖМК менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

"Дээрлик бардык мектептер, бардык айылдар дүйнөлүк желеге кошулду", — деди ал.

Жусупбекова, андан сырткары, быйылкы окуу жылында сегиз миң мугалим квалификациясын дистанциялык түрдө жогорулата турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0