Түндө көчкү түштү, жабырлангандар жок. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРОбильный снегопад на автодороге Бишкек-Ош
Обильный снегопад на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан жолдогу көчкүдөн жабыркагандар болгон эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кардын көлөмү 2000 метр кубду түзгөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Түндө Бишкек — Ош унаа жолунун 199-чакырымында (Суусамыр өрөөнүндө) эки жерге ири көчкү түшкөндүгүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Көчкүдөн жабыркагандар болгон эмес. ӨКМ анын көлөмү 2000 метр кубду түзгөндүгүн билдирди.

Жол убактылуу жабылып, карды тазалоо иштерине төрт техника жана министрликтин куткаруучу тобу тартылган.

Жол болжол менен 22:30да, бир сааттан кийин ачылып, кыймыл калыбына келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0