Ыраазычылык билдирем! Жээнбеков энергетика тармагында эмгектенгендерди куттуктады

Жазылуу
Мамлекет башчы экономиканын электр энергиясына болгон муктаждыгы камсыздалгандан сырткары, экспорт боюнча өлкөнүн энергетикалык дарамети өсүп жатканын айткан.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда, өлкөнүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ишин жогору баалай тургандыгын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин арты менен калктын жана экономиканын электр энергиясына болгон муктаждыгы гана камсыздалбастан, башка өлкөлөргө да экспорттоо үчүн өлкөнүн энергетикалык дарамети өсүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Президент электр тармактарын реконструкциялоо улантылып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат деген пикирин айтып, ыраазычылык билдирген.

"Электр тармактарын реконструкциялоо улантылып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат. Биз сиздердин ар бир кыргызстандыктардын үйүндө жарык, жылуулук жана жагымдуу маанай болушуна багытталган ишиңиздерди жогору баалайбыз", — деген Жээнбеков.

Ал куттуктоосунун аягында энергетика тармагынын кызматкерлерине бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0