Бишкек-Ош жолу: "Сосновка" постунда убактылуу чектөө киргизилип, жол тазаланууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗанесенная снегом трасса
Занесенная снегом трасса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жылынуучу жай уюштурулуп, ысык тамак берилип жатканын айтты.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкек-Ош унаа жолунун 143-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) жол тайгак болуп, автоунаа тыгындары пайда болгондугуна байланыштуу Жайыл районунун “Сосновка” постунда каттаган автоунаалардын бардык түрүнө саат 19:20да убактылуу чектөө киргизилди. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

“Учурда ЖКККББнын кызматкерлери (3 экипаж) жана төрт техника тартылып, тиешелүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Саат 20:10до абалды билүү жана көзөмөлдөө максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулар чыгып кеткен. Учурда "Сосновка" постунда айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ӨКМ жылынуучу жай уюштуруп, ысык тамак берилүүдө”, – деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ кечээтен бери шашылыш билдирүү таратып, тынбай жааган кардан улам Кыргызстандын тоолуу райондору менен ашууларында көчкү түшүү кооптуулугу бар экендигин эскертүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0