Бишкектин көчөлөрүндөгү муздан арылыш үчүн кимге кайрылуу керек? Тизме

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПоследствия ледяного дождя в Москве
Последствия ледяного дождя в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жерден борбор калаанын райондорунун жетекчи-орун басарларынын телефондорун таба аласыз. Көчөлөр же тротуарларды муз каптаса кайда кайрылууга болорун мэриядан билдиришти.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкектиктер көчөлөр менен тротуарлар көк жылгаяк муз болсо район акимдеринин орун басарларына кайрылуу керек. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан айтышты.

Шаардыктар чалып, кайрыла турган телефондордун номерлери:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0 (550) 997-927, 0 (312) 65-68-78;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) - 0 (772) 192-074, 57-63-80;
  • Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району) — 0 (555) 666-096, 66-15-37;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0 (703) 611-806, 36-07-07.

Мэрия шаардагы көчөлөрдү кардан тазалоого тоскоолдук жаратпашы үчүн жол боюна автоунааларды токтотпоону суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0