БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы тараткан некрологдо айтылат.
2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында "Кыргыз кино кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Шамшиев катуу оорудан кийин жарык дүйнө менен кош айтышты.
Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын, жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.
Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтуна тапшырган. Ал студент кезинде эле кинорежиссер Н. Шепитконун "Аптап" тасмасында башкы ролду аткарып, Чыңгыз Айтматовдун "Ботогөз булак" повестинин негизинде кино тартып, чыгармачылык чыйырын баштаган.1964-жылы аталган окуу жайын бүтүрүп жатып, дипломдук ишинде "Манасчы" илимий-популярдуу тасманы ийгиликтүү чыгарат. Анда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин манас айтуудагы өзгөчөлүктөрү алкоого арзып, 1965-жылы "Манасчы" фильми Германиянын Оберхаузен шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда гран-прини алган.
Шамшиев "Манасчыдан" кийин "Чабан" аттуу документалдык фильм тартып, жаш режиссердун сюжеттеги таамай табылган идеялары анын кийинки көркөм фильм тартуусуна кеңири жол ачат.
Залкар режиссердун алгачкы ийгиликтери "Караш-Караш окуясы" (1968), "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" (1971) көркөм тасмалары болуп эсептелет. Бул фильмдер эл аралык деңгээлде коомчулуктун кызыгуусун жараткан.
"Ак кеме" көркөм тасмасы (1975) — режиссер Болотбек Шамшиевдин, кыргыз улуттук кинематографиянын дүйнөлүк киного маанилүү салым кошкон ири чыгармачылык жетишүүсү болгон. "Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Фрунзедеги IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге, кийинки жылы — Трентодогу (Италия) ЭКФ сыйлыгына, ошондой эле СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.
"Эрте жазда келген турналар" (1979) тасмасы дагы Шамшиевдин чыгармачылык биографиясында көрүнүктүү тасмалардын бири. Режиссер бул киносу аркылуу анын чыгармачылык диапазону канчалык кеңири экенин көрсөткөн.
"Бөрү зындан" (1983) — советтик прокаттагы эң кассалуу тасмалардын бири болгон. Бул — кылмыш дүйнөсү жөнүндөгү анык аңгеме. "Бөрү зындан" көрүүчүгө жетишерлик эмоционалдуу таасир калтырат жана аны терең ойлонууга мүмкүндүк берет.
1985-жылы Шамшиев Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдогуловага арналган "Снайперлер" тасмасын тартуу үчүн "Казакфильмге" чакырылган.
Болотбек Шамшиев 90-жылдары "Салам-Алик" киностудиясын түзүп, улуттук оюндарга, мелдештердин жайылуусуна көп күч жумшаган, 1996-жылы азыркы көк бөрү оюнунун биринчи эрежелерин иштеп чыккан. "Манас" эпосунун миң жылдык мааракеси белгиленгенде, 1995-жылдагы эсте каларлык күндөрдө, абдан чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктарды алган:
Некрологго өлкөнүн биринчи адамдары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана маданият ишмерлери кол койгон.
Маркум Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 24-декабрда, саат 10.00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.