Белгилүү журналист Юлия Орлова көз жумду

© Пресс-служба президента КРБелгилүү журналист Юлия Орлова. Архив
Белгилүү журналист Юлия Орлова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 17 жылдан бери РИА Новости агенттигинин кабарчысы болуп эмгектенип келген. Быйыл 52 жашка чыккан журналист бир нече жолу өз өмүрүн тобокелчиликке салып, өзгөчө кырдаал жаралган жерлерде иштеген.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Узакка созулган оорудан журналист Юлия Орлова көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал 17 жылдан бери РИА Новости агенттигинин кабарчысы болуп эмгектенип келген. Быйыл 52 жашка чыккан журналист бир нече жолу өз өмүрүн тобокелчиликке салып, өзгөчө кырдаал жаралган жерлерде иштеген.

"Ал РИА Новости агенттигинде иштеген 17 жыл ичинде өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, өлкөнүн коомдук-саясий турмушун ийгиликтүү чагылдырган. Ал жазган жаңылыктарга  көптөгөн дүйнөлүк ЖМКлар шилтеме беришчү", — деп айтылат макалада.

Бул жылдары журналист Кыргызстандын президентинин аппаратынын жана министрликтеринин Ардак грамоталары, сыйлыктары менен сыйланган. Ошондой эле РИА Новости агенттигинин 70 жылдык майрамына карата Ардак грамотасына татыган. 

"Россия сегодня" жана  Sputnik Кыргызстан  агенттиктеринин жамааты  Орлованын жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0