БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу казак президентинин маалымат кызматы билдирди.
Көңүл айтуу телеграммасында Болот Шамшиев дүйнөлүк киноискусттводо өчпөс из калтырганын белгилеген.
"Болот Шамшиев эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо үчүн чоң эмгек жасады. Анын казактын классикалык адабий жана драматургиялык чыгармаларын экрандаштыруусу Казакстан менен Кыргызстандын элинин жалпы маданий мурасы болуп калды. Болот Шамшиевдин элеси биздин эсибизде түбөлүк сакталып калат", — деп айтылат телеграммада.Кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев Бишкек шаарында 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында оорудан улам дүйнө салган.
Аны менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана башка сыйлыктары бар.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.