Декларациядан буйтаган 14 миңден ашуун кызматкер. Материал прокуратурага жөнөтүлдү

Жазылуу
Салык кызматы саясий жана жогорку кызмат орундарын ээлеген 1349 кызматкердин да декларациясын текшерген.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин декларациялары боюнча 14 миңден ашуун материалды прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2018-жылдагы Бирдиктүү салык декларациясын талдап, алдын ала жыйынтыгын чыгарган.

"1 579 декларант (126сы саясий жана башка жогорку кызматтагылар) өз убагында тапшырган эмес. Ал эми 5 106 кызматкер (157си саясий жана жогорку кызматтагылар) декларациясын такыр эле бербей койгон. 7689 кызматкер (499у саясий жана жогорку кызматтагылар) декларациясына туура эмес маалымат жазган. Ушул сыяктуу ар кандай укук бузуулар аныкталгандыктан юридикалык баа берүү үчүн  мамлекеттик жана муниципалдык 14 374 кызматкердин материалы прокуратурага жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жалпы жонунан маалыматтар базасына 59 018 декларация келип түшсө, бүгүнкү күндө Салык кызматы анын 56 609ун талдоого алганы айтылат. Саясий жана жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдардын 1349 декларациясы текшерилген.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура: киреше тууралуу декларацияны көбүнчө депутаттар тапшырбайт
Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөөнүн жүрүшүндө салык органдары коммерциялык банктарга жана Улуттук банкка суроо салган документти жөнөткөн.

Ушундай эле сурам компаниялардын уставдык капиталында үлүшү, Кыргызстандан башка жактагы банктык эсептери, мүлктөрү, акциялары, баалуу кагаздары, мамлекеттик компаниялардагы үлүштөрү бар экендиги, ипотекалык насыя тууралуу жана башка маалыматтарды алуу үчүн бир катар мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0