СССРдин эл артисти Болот Шамшиев. Архив

Россиянын кинематографисттер союзу Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

156
(жаңыланган 15:42 24.12.2019)
Россиянын кинематографисттер союзу СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин жакындарына көңүл айтты. Кайрылууга Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы Никита Михалков кол койгон.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Россиянын кинематографисттер союзу СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Кайрылууга Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы Никита Михалков кол койгон.

"Болот Шамшиев бир гана кыргыз жана совет тасмаларынын эмес, дүйнө маданиятынын классиги. Болот Шамшиев — Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме", "Эрте жаздагы турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн" чыгармаларын тасмага айланткан кайталангыс режиссёр", — деп айтылат көңүл айтуу катында.

Ошондой эле анын чыгармачылыгы чыныгы гуманизм жана көркөмдүүлүккө толгону кошумчаланды.

"Досубуз жана кесиптешибиз Болот Шамшиевдин жаркын элеси түбөлүк эсибизде сакталат. Аза-кайгыңарды тең бөлүшөбүз", — деп аяктайт кайрылуу.

Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.

156
Белгилер:
көңүл айтуу, эскерүү, Никита Михалков, Болот Шамшиев
Тема:
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)
Тема боюнча
Болотбек Шамшиев менен коштошуу зыйнаты. Видео
Касым-Жомарт Токаев: Болот Шамшиевдин элеси эсибизде түбөлүк сакталып калат
Жээнбеков Болот Шамшиев менен соңку жолукканын эске салды. Президенттин кайрылуусу
СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов. Архив

Олимпиада-80 чемпиону, КРде туулган Александр Блинов көз жумду

23
(жаңыланган 21:54 05.03.2021)
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Муфтийдин милдетин аткаруучу, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.

Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.

Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

23
Белгилер:
өлүм, спортчу, олимпиада
Тема боюнча
Эми башка Жамал жаралбайт. Элдин Сейдакматова менен коштошкон видеосу
Экс-министр Шайлообек Ниязов каза болду
Туман учурунда электр зымдары. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

47
(жаңыланган 21:30 05.03.2021)
6-мартка караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.

47
Белгилер:
Кыргызстан, март, аба ырайы
Тема боюнча
Ысык-Көлдө кыйраган 37 млн. сомдук тик учак. Ми-8 кантип кырсыктаган