Жалал-Абадда туристтердин ыңгайлуулугу үчүн карталар орнотулду

© Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-АбадУстановка специальных табличек для туристов в городе Джалал-Абад
Установка специальных табличек для туристов в городе Джалал-Абад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын тактайчаларда облустун негизги туристтик объектилерине — Шах-Фазиль, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый комплекстерге, Кан-Ачуу, Падыша-Ата, Арсланбап жана Сары-Челек коруктарына чейинки аралыктар жазылган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына келген конокторго ыңгайлуулуктарды жаратуу максатында атайын туристтик тактайчалар орнотулганын мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, тактайчалар шаардын борбордук Ленин көчөсүндөгү Тейлөө үйүнүн алдына, "Эркиндик" аянтына жана калаанын кире беришине коюлган.

"Такчайчалардан Жалал-Абад облусунун жана шаардын ээлеген аймагы, социалдык, кызмат көрсөтүү жана эс алуу жайларынын даректерин көрүүгө болот. Бул демилгени облус аймагында ишке ашыруу максатында жалпы 41 даана туристтик тактайчалар даярдалган", — деп айтылат маалыматта.

16-декабрдан тарта орнотуу иштери башталган. Анда облустун негизги туристтик объектилерине Шах-Фазиль, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый комплекстерге, Кан-Ачуу, Падыша-Ата, Арсланбап жана Сары-Челек коруктарына чейинки аралыктар жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0