Президент Жээнбеков Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча оюн айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйыны учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы журналисттер каалаган темасын жаза аларын айтып, бирок сөз эркиндиги жоопкерчилик экенин баса белгилеп кеткен.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги көп мамлекеттерде жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, журналисттер каалаган темасын жаза алат. Ага президент жана анын аппараты тыюу сала албайт.

"Мен ар дайым сөз эркиндигин жана ЖМК укугун коргойм. Шайлоо алдында радикалдуу исламды колдойм деген макаланын авторун сотко бергем, бирок кийин кайтарып алгам. Сөз эркиндиги  — бул жоопкерчилик. Биздин өлкө кандай эле, кандай болот деп ойлонуш керек. Башкысы — баарыбыз, президенттен журналистке чейин мыйзамды сыйлашыбыз керек", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы ЖМКлардын сайтына чабуул болуп жатканын билерин айтты.

Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков эмне үчүн Матраимов жөнүндө факты сураганын түшүндүрдү
"Мындай чабуул технология болгон жердин баарында бар. Ага Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары сыртка чыгып кетип жатканы деле мисал. Биз буга чара көрүшүбүз керек", — деди Жээнбеков.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кибер коопсуздук боюнча жаңы стратегия иштеп чыкканын жарыя кылып өттү. УКМК менен Мамлекеттик байланыш комитети маалымат коопсуздугу жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча маселе боюнча иштерин кошумчалады.

Президенттин маалымат жыйынында эмне тууралуу сөз болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0