Көчө шыпыргычтардын кол кабы жок! Вице-мэр шаардык кызматтардын ишин сындады

Жазылуу
Төрт райондун акимине да эскертүү берилди. Эрежеге ылайык, ар бир дүкөн, павильон, мекеме, жеке турак-жайлар 10 метрге чейин айланасын кар, муздан тазалап турушу керек. Акимдер аларды көзөмөлгө алган эмес.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Борбор калаанын турак жай коммуналдык чарбасын тескеген вице-мэр Мирлан Амантуров шаардык кызматтардын жана төрт райондун администрациясынын ишин сынга алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Амантуров шаардык кызматтардын жетекчилери менен жолугуп, тротуарларды кар жана муздан тазалоо иштери боюнча сүйлөштү. Жолугушуу учурунда вице-мэр шаардык кызматтардын жетекчилери начар иштеп жатканын баса белгиледи.

"Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев жумушчуларына начар шарт түзүп бергени үчүн сынга алынды. Анткени айрым көчө шыпыргычтарда эң эле жөнөкөй кол кап жок. Мурдагыдай жөнөкөй жумушчулардын айлык акысы көбөйгөн эмес", — деп жазылат маалыматта.

Последствия ледяного дождя в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрүндөгү муздан арылыш үчүн кимге кайрылуу керек? Тизме
Мындан сырткары, төрт райондун акимине да эскертүү берилди. Эрежеге ылайык, ар бир дүкөн, павильон, мекеме, жеке турак-жайлар 10 метрге чейин айланасын кар, муздан тазалап турушу керек. Акимдер аларды көзөмөлгө алган эмес.

Жолугушуу учурунда "Тазалык" ишканасына тротуар, жөө жүргүнчүлөр баскан жер жана аялдамалардын айланасын кар, муздан тазалап чыгуу, ал эми "Бишкек жашыл чарба"  ишканасына бактардан карды түшүрүү тапшырмалары берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0