Борбор калаада жаңы жылдык жарманке өтүүдө

Бишкекте жаңы жылдык жарманке өтүп жатат

125
(жаңыланган 10:05 26.12.2019)
Жарманке 30-декабрга чейин Курманжан датканын эстелиги алдында уюштурулууда. Анда ар түрдүү кооздуктар, таттуулар, колго жасалган идиш-аяк, сувенир, бал жана чай тартууланып жатат.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Борбор калаада жаңы жылдык жарманке өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • В сквере возле памятника Курманджан датке в Бишкеке открылась новогодняя ярмарка
    Борбор калаада жаңы жылдык жарманке өтүүдө
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В сквере возле памятника Курманджан датке в Бишкеке открылась новогодняя ярмарка
    Жарманке 30-декабрга чейин Курманжан датканын эстелиги алдында болот
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В сквере возле памятника Курманджан датке в Бишкеке открылась новогодняя ярмарка
    Иш-чарада ар түрдүү кооздуктар, таттуулар, колго жасалган идиш-аяк, сувенир, эко-азыктар, бал жана чай коюлууда
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В сквере возле памятника Курманджан датке в Бишкеке открылась новогодняя ярмарка
    Мындан сырткары, коомдук транспортто колдончу "Тулпар" карточкалары да акысыз таратылып жатканы кошумчаланган.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаада жаңы жылдык жарманке өтүүдө

Билдирмеге ылайык, жарманке 30-декабрга чейин Курманжан датканын эстелиги алдында болот.

"Иш-чарада ар түрдүү кооздуктар, таттуулар, колго жасалган идиш-аяк, сувенир, эко-азыктар, бал жана чай коюлууда. Ошондой эле ысык кофе, шоколад жана печеньелер да берилип жатат", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, коомдук транспортто колдончу "Тулпар" карточкалары да акысыз таратылып жатканы кошумчаланган.

125
Белгилер:
мэрия, иш-чара, жарманке, Бишкек
Тема боюнча
Ижарага да, сатып да алса болот. Жаңы жылдык костюм берчү жайлардын дареги
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Венгрия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө суу тазалоочу жабдыктарды берди. Сүрөт

2
Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинген. Алар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Ага ылайык, жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.

"Венгрия эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскердик-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды тартуулады. Бул жабдыктар кайтарымсыз түрдө берилди", — деп айтылат билдирмеде.

Жабдуулар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды. Ошондой эле келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

2
Белгилер:
жабдуу, Генералдык штаб, Кыргызстан, Венгрия
Тема боюнча
Кыргызстан менен Катар аскер-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө белсенди
Нарын облусундагы айыл. Архив

Жумага карата аба ырайы

112
27-ноябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-Ноя. — Sputnik. 27-ноябрь, жума күнү, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын темпетарутасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл ойдуңунда +3...+8, Нарын жергесинде -2...+3 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы +8...+10 градуска жетет.

112
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү