Бишкекте маршрутка алдында калган аял: айдоочу кармалган жок

CC BY 2.0 / Erik Starck / Driving a carАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар жүрүп жаткандыктан, айдоочу кармалган эмес. Учурда Жазык кодексинин 297-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Аялды тебелеп кеткен маршрутканын айдоочусу кармалган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Бишкек милициясынан билдиришти.

Азырынча зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын дарыясына кулай жаздап... Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы ирмемдин видеосу
Ведомстводон кошумчалашкандай, учурда Жазык кодексинин 297-беренесине ("Жол кыймылынын жана автомототранспортту колдонуунун эрежелерин бузуу") ылайык, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Кечээ, 25-декабрь күнү, Бишкектеги Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде аялды маршрутка сүзүп кетип, ал ошол жерден каза болду деген маалымат тараган. Көп өтпөй Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы №164 маршрутканын айдоочусу унааны башкара албай калып 41 жаштагы аялды сүзүп кеткенин билдирген.

Бирок кийин кырсык аял маршруткадан түшкөн соң тайып кетип жыгылганда болгону ачык көрүнгөн видео тарады.

Жаңылыктар түрмөгү
0