Алды 227 млн. сом карыз. Салык төлөбөй жүргөн компаниялар ачыкталды

Жазылуу
Маалыматта ушул жылдын 1-декабрына карата 78 компаниянын салыктык карызы 559,3 миллион сомго жеткени айтылат.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы ири суммадагы салыгын төлөбөй жүргөн кыргызстандык компаниялардын тизмесин жарыялады.

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларациядан буйтаган 14 миңден ашуун кызматкер. Материал прокуратурага жөнөтүлдү
Анда ушул жылдын 1-декабрына карата 78 компаниянын салыктык карызы 559,3 миллион сомго жеткени айтылат. Эң жогорку сумма Ысык-Көлдө жайгашкан "Лонг Хай" ЖЧКсынын КРдеги өкүлчүлүгүнө таандык. Бул ишкана салык кызматына 227 миллион сом төлөбөй жүрөт. Мындан башка да 20-50 миллион сомдук карыздар жазылган.

Карызы бар ишканалардын тизмесин Салык кызматынын сайтынан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0