Автоунаа салыгын убагында төлөбөгөн 2000ден ашуун айдоочу айыпка жыгылды

© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХЗамеры атмосферного воздуха в Бишкеке
Замеры атмосферного воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган. Андан соң рейд жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Үч айда унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн эки миңден ашуун айдоочуга айып салынды. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларациядан буйтаган 14 миңден ашуун кызматкер. Материал прокуратурага жөнөтүлдү
Маалыматка ылайык, сентябрдан ноябрга чейинки рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 2 397 унаанын ээси салык төлөбөгөнү аныкталган. Анын ичинен 2125 айдоочу салыкты жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) төлөгөн.

Мындан тышкары, бул аралыкта 628,5 миллион сом суммасында жергиликтүү салык чогултулган. Анын 182,1 миллиону транспорт, 171,6 миллиону кыймылсыз мүлк жана 274,8 миллиону жер салыгы.

Эскерте кетсек, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0