"Түндүк электр" электр кубатынын акысын алдын ала төлөөгө чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековТариф на электричество в Бишкеке
Тариф на электричество в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр кубатына төлөмдү Quickpay, Pay24, UMAI, Terempay, KICB, "БТА Банк" терминалдарынан, "Элсом", UMAI электрондук капчыктарынан, "Кыргыз почтасы", "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Кыргызстан" банктарынын кассаларынан да жүргүзсө болот.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы кыргызстандыктарды электр энергия акысын эртерээк төлөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, электр энергиясынын төлөмдөрүн өз убагында жүргүзбөгөн абоненттердин жарыгы дароо өчүрүлөт.

"Жаңы жылда жана 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күнү жарыксыз калбаш үчүн электр энергиянын акысын алдын ала төлөп коюңуздар. Электр энергияга болгон төлөмдү Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан тейлөө борборунан жүргүзсө болот. Андан сырткары, Quickpay, Pay24, UMAI, Terempay, KICB, "БТА Банк" терминалдарынан, "Элсом", UMAI электрондук капчыктарынан, "Кыргыз почтасы", "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Кыргызстан" банктарынын кассаларынан да төлөө мүмкүн. Бул учурда электр энергия эсептери тууралуу билдирме "Түндүк электр" ишканасынын базасына ошол замат түшөт", — деп жазылат маалыматта.

Өз убагында акы төлөбөгөн "акылдуу" эсептегичтерге кошулган керектөөчүлөрдүн жарыгы "Түндүк электр" ишканасынын серверине билдирме келген соң гана күйгүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0