Сот балкасы. Архив

Мискенбаев абакка отургузулуп, Жолдубаева үй камагына жиберилди.

1184
(жаңыланган 19:49 28.12.2019)
Аты аталган төрт адам тең бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, барымтага алууну уюштурган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту КСДП төрагасынын милдетин аткарган Асел Кодуранованы, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеваны жана КСДП төрагасынын орун басары Ирина Карамушкинаны үй камагында калтыруу, ал эми КСДПнын мүчөсү Мээрбек Мискенбаевди 9-февралга чейин тергөө абагына киргизүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин төртөөнүн Биринчи Май райондук сотуна алып келингени айтылган.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, аты аталгандардын төртөө тең Кой-Таш окуясы учурунда массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо боюнча шектелип жатышат.

Кой-Таш окуясы

Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция уюштурулуп, УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү анын Кой-Таштагы үйүнө барган. Бирок мурунку президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Эртеси ИИМдин аракети менен Атамбаев багынып берген.

Мурунку президент УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, бир топ тарапташы да кармалган.

Кой-Таш окуясынан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылган.

1184
Белгилер:
Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (181)
Тема боюнча
Адвокат: Кодуранова, Карамушкина, Жолдубаева, Мискенбаевди сотко алып бара жатышат
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

8
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

8
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

10
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

10
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү