Газпромдун офиси. Архивдик сүрөт

"Газпром Кыргызстандын" калкты тейлөө борборлору майрамда кандай иштейт. График

47
(жаңыланган 11:41 28.12.2019)
Эгерде абоненттерде кандайдыр бир суроо жаралса, 444 (мобилдик телефондон чалуу бекер) номерине чалып, сурап-билсе болорун айтышты.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" калкты тейлөө борборлору жаңы жылдагы эс алуу күндөрү, тагыраагы, 1-7-январда кандай иштерин айтып беришти.

Компаниядан абоненттерди тейлөө боюнча бардык суроолор каралып, газ менен камсыздоодо маселе жаралбай тургандыгын билдиришти. 

График работы центров обслуживания населения ОсОО Газпром Кыргызстан в новогодние выходные
© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан"
"Газпром Кыргызстан" калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги

Майрамдагы эс алуу күндөрү Горький көчөсүндө жайгашкан борбору иштесе, дагы экөө 6-7-январда маселе менен кайрылган абоненттерди кабыл ала берет.

Эгерде кандайдыр бир суроо жаралса, 444 (мобилдик телефондон чалуу бекер) номерине чалып, сурап-билсе болот.

47
Белгилер:
майрам, абонент, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ишембиге карата аба ырайы