Соттолгон адамдын мүлкү кантип конфискацияланат? Кызык жагдайлар

© AP Photo / Brennan LinsleyСудебный центр Ralph L. Carr Colorado в Денвере
Судебный центр Ralph L. Carr Colorado в Денвере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы Кылмыш-жаза кодексинде конфискация жаза катары саналбайт, бирок сотторго кеңири мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда кылмышкердин мүлкү мамлекетке кандайча алынары туурасында бул макаладан таанышыңыздар.

Кыргызстанда мурдагы аткаминерлерди айыптоо өкүмдөрү алардын мүлкүн мамлекетке алуу чечими менен коштолгон учурлар көп. Жакында эле, тагыраагы, 23-декабрда борбор калаанын мурдагы башчысы Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Аны бир өндүрүшкө топтоштурулган бир катар кылмыш иштери боюнча күнөөлүү деп табышты.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы кодекс менен канча киши жазадан бошоду? Соттордун иши кайнап жатат
Эркинен ажыратуу менен катар сот мурунку мэрдин жана анын жубайы Айнура Ибраимованын мүлкүн, анын ичинде 147 жер тилкеси жана беш дачасын конфискациялады.

Мындан тышкары, мамлекетке тартып алынган мүлктүн тизмесине үй-бүлөнүн банктагы акчасы, "Уздар Трейд" компаниясы, дыйкан чарбасы, автомобиль, жалпы номиналдык наркы дээрлик 30 миллион сомду түзгөн банктын уставдык капиталындагы үлүш пайызы да камтылган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мыйзамдын тилинде конфискациялоо механизми кандай түзүлгөнүн түшүнүү аракетинде юристтер менен сүйлөшүп, Кылмыш кодексин тыкыр талдап чыкты.

Конфискациялоо эски кодекс боюнча кандай жүргөн?

2019-жылдын 1-январына дейре конфискация айып пул же эркинен ажыратуу өңдүү эле жаза чараларынын түрүнө кирген. Аны пайда табуу же атайылап жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга гана белгилешкен. Конфискация чарасы ал белгилене турган ар бир беренеге кошо жазылган.

Сот конфискация чарасын белгилей ала турган кылмыштуу жосундардын арасына киши өлтүрүү, адам сатуу, уурулук, мал уурулук, алдамчылык, тоноо, карактоо, опузалай акча өндүрүү, кылмыштуу кирешени адалдоо, аткезчилик жана башка кылмыштар кирген.

Бирок киши өлтүрүү боюнча кылмыш иштеринин баарында эле кылмышкердин мүлкү конфискацияланган эмес, ага оорлотуучу кырдаалдар зарыл болгон. Бул жогоруда саналган кылмыштарга да тиешелүү.

Конфискация жазалоонун түрү эмес

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы кодекс менен канча киши жазадан бошоду? Соттордун иши кайнап жатат
Узап бараткан жыл башында беш жаңы: Кылмыш-жаза кодекси, Жазык процессуалдык кодекси, Жоруктар жөнүндөгү кодекс, Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс, Жаза аткаруу кодекси күчүнө кирген. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, конфискация жазанын түрү катары каралбашы үчүн кодекстин авторлору аны коопсуздук чарасы же "жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларына" которгон.

Бул соттордун мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Себеби КРдин КЖ кодексинин 95-беренесинде каралгандай, мындай чараларды мындан ары "адамдарды кылмыш жообуна тартуу, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу же жазалоого карабастан пайдаланууга болот".

Бул туурасында профессор, юридика илимдердин доктору, КР президентинин алдындагы сот реформасы боюнча кеңештин жана сот реформасына мониторинг жүргүзүүчү эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Лейла Сыдыкова түшүндүрүп берди. 

© Фото / официальный сайт КРСУПрофессор, юридика илимдердин доктору, КР президентинин алдындагы сот реформасы боюнча кеңештин жана сот реформасына мониторинг жүргүзүүчү эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Лейла Сыдыкова
Соттолгон адамдын мүлкү кантип конфискацияланат? Кызык жагдайлар - Sputnik Кыргызстан
Профессор, юридика илимдердин доктору, КР президентинин алдындагы сот реформасы боюнча кеңештин жана сот реформасына мониторинг жүргүзүүчү эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Лейла Сыдыкова
"Кылмыштуу жол менен байлык топтогон адамды мисал катары алалы. Кайсы бир убакта анын психикалык жактан жабыркай тургандыгы аныкталсын дейли. Кылмышкер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, дарыланууга жөнөтүлөт. Бирок мыйзамга жат ыкма менен байыганы айкын болсо, мүлкү конфискацияланат", — деп түшүндүрдү юрист.

Анын айтымында, кокус кылмышкердин көзү өтүп кетсе, мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүүдө мындай жагдай да мыйзамды токтото албайт.

"Жасаган кылмыштарынын аркасында дүнүйө топтогон мафиянын кайсы бир өкүлү өтүп кетти дейли. Ага айыптоо өкүмүн чыгаруу мүмкүн эмес экени турулуу иш. Бирок өлүмү да анын мыйзамсыз жыйнаган мүлкүн конфискациялоо боюнча соттун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт", — деп жыйынтыктады Сыдыкова.

Жаңы кодекстердин дагы биринде конфискация белгилүү кылмыштардын тизмегине бекитилбейт. Негиз катары ал мүлк кожоюндун колуна кандайча тийгени каралат. Юристтер эскиче эле 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексине таяна иштей беришерин боолголойт  адвокат Рустам Абдурауфов. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАдвокат Рустам Абдурауфов
Соттолгон адамдын мүлкү кантип конфискацияланат? Кызык жагдайлар - Sputnik Кыргызстан
Адвокат Рустам Абдурауфов
"Азырынча баары эле түптөлүп калган тажрыйбага таяна конфискацияны мурда каралган эле беренелерге белгилешет. Менимче, соттордун жалпы тажрыйбасы үчүн КР Жогорку соту мүлктү конфискациялоого жол берчү кылмыштардын тизмегин аныктай турган пленум иштеп чыгат", — деп кошумчалады ал.

Эмнелер жана кимдин мүлкү конфискациялоого жатат?

Мүлк мамлекеттин менчигине айыптоо өкүмүнүн негизинде алынат. Төмөндө берилген тизмеге жараша табылган, топтолгон акча каражаты, баалуу жана башка мүлктөр конфискацияланат:

1. Кылмыш жасоонун натыйжасында алынган;

2. Кылмыш жасоо аракетин каржылоого пайдаланган же ошого багытталган.

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Кыргызстанда ар бир алгач тергөөчүнүн 600дөн иши бар
Тизме ушул экөө менен эле чектелбейт. Кылмыш жолу менен алынган мүлк жана андан түшкөн кирешени башка нерсеге, маселен, акчага, баалуулукка же бөлөк мүлккө алмаштырылып калышы да турган иш. Андай шартта алар да мамлекетке алынат.

Кылмыш жасоодо колдонулган курал, жабдыктар же башка каражаттар да конфискацияланарын белгилей кетели.

Кылмыш жасоонун жыйынтыгында жыйналган мүлк, киреше андай ишке барган кишинин мыйзамдуу жол менен табылган мүлкүнө кошулуп калса, конфискация кандайча жүрөт? Анда сот мыйзамсыз жол менен алынган мүлктүн жана кирешенин наркына жараша бөлүгүн мамлекетке алат.

Лейла Сыдыкова кылмышкер мыйзамсыз тапкан мүлкүн туугандарына тартуу кылып койсо да, конфискациядан жашырып кала албасын түшүндүрөт.

"Ал тургай тууганы кылмышкер тарабынан берилген байлыктын негизинде байлык күтүп алса, ал да конфискацияланат", — деп кошумчалады юрист.

Ал кылмыш жолу менен алынган акчанын банктагы алган пайызы, үстөгү менен бирге мамлекетке алынарын айтат. Сыдыкова ошону менен бирге эле далилсиз конфискациялоо мүмкүн эместигин да баса белгилейт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков кылмыштардын саны эмнеге кескин өсүп жатканын айтты
"Сот үй болобу, унаа же башка баалуулукпу, айтор, кайсы мүлк конфискацияланарын так билүүгө тийиш. Маселен, шуба да парага келген акчага сатып алынса, ал да мамлекетке алынат. Эгер сотто мүлк мыйзамга жат жол менен келгенин айгинелеген далил болбосо, конфискациялоого болбойт", — деп сөзүн жыйынтыктады Сыдыкова.

Кандайдыр бир себептер менен конфискациялана турган анык бир предметти алууга мүмкүн болбой калды, мисалы, аны сатып жиберишкен дейли. Мыйзам андай ыкмага да каршы чара көрөт: сот ал предметти баары бир бөлөк түрдө конфискациялайт, башкача айтканда, анын наркына жараша сумманы кылмышкердин эсебинен алып коет.

Эгер ал кишиде ошол сумма жок болуп чыкса, анда ошол суммага тең келген башка мүлкү алынат.

Соттун чечимин аткарбай койсо, кандай күн күтөт?

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова  с судьями Конституционной палаты Верховного суда - Sputnik Кыргызстан
Баары абийирдүү болуп кете элек! Жээнбеков сот реформасына нааразы болду
Эгер киши конфискациялана турган мүлкүн жашырып же менчиктеп алса, анда андай жосун мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн аткаруудан буйтоого тете каралат. Мындай аракет үчүн адам 2,5 жылдан 3 жылга чейинки кара жумушка тартылат, 220 миңден 260 миң сомго чейинки айып пул же 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Конфискациядан тышкары, материалдык чыгым, моралдык зыянды толуктоо жана камоо да коопсуздук чараларына кирет.

Мурда биз Кыргызстанда баш коргоо чарасынын кылдат жактарын талдап, үй камагы боюнча кеңири токтолгон элек. Бир көз жүгүртүп койсоңуз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0