Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков на вручении ключей от новых квартир для военнослужащих Вооруженных сил Кыргызской Республики. 30 декабря 2019 года

Жаңы жыл алдында аскер кызматкерлери жаңы үйлүү болушту. Сүрөт

262
(жаңыланган 16:01 30.12.2019)
2019-жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшырып, куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Куралдуу күчтөргө батирлер Бишкектин 12-кичирайонуна салынган үйдөн берилсе, ЖАМК кызматкерлери Аламүдүн районунун Молдовановка айылында курулган үйдөн турак жай алышты.

  • Военнослужащие Вооруженных сил Кыргызской Республики получили ключи от квартир. Их с новосельем поздравил Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков. 30 декабря 2019 года
    Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшырып, куттуктады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Военнослужащие Вооруженных сил Кыргызской Республики получили ключи от квартир.
    Куралдуу күчтөргө батирлер Бишкектин 12-кичирайонуна салынган үйдөн берилсе, ЖАМК кызматкерлери Аламүдүн районунун Молдовановка айылында курулган үйдөн турак жай алышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып жатып, аларга мекенге чын ниети менен кызмат кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.
    Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып жатып, аларга мекенге чын ниети менен кызмат кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков на вручении ключей от новых квартир для военнослужащих Вооруженных сил Кыргызской Республики. 30 декабря 2019 года
    Мындан тышкары, алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт каалады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Военнослужащие Вооруженных сил Кыргызской Республики получили ключи от квартир.
    Белгилей кетсек, 2019-жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудники Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики (ГСИН) получили ключи от квартир. Их с новосельем поздравил Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков.
    ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшыруу аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ключи от квартир военнослужащим Вооруженных сил Кыргызской Республики
    ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшыруу аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудники Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики (ГСИН) получили ключи от квартир. Их с новосельем поздравил Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков.
    ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшыруу аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Новые квартиры сотрудников Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики (ГСИН).
    ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшыруу аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 9
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМК кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшырып, куттуктады.

Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып жатып, аларга мекенге чын ниети менен кызмат кылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт каалады.

Белгилей кетсек, 2019-жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.

262
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, куралдуу күчтөр, ЖАМК, турак-жай
Тема боюнча
Президент КР эл артисти наамын Максутов баштаган беш адамга ыйгарды
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

91
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

91
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди
Чүй өрөөнү. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

29
Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинин кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 31-майда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Талас менен Чүй өрөөнүндө +28…+33 градус, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23…+28 градус ысык болору айтылды.

Ал эми күндүн табы Бишкек шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +33…+35 градуска дейре жогорулайт.

29
Белгилер:
май, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Аптанын соңунда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат