Татарстандын президенти Раиса Атамбаевага унаа белек кылып, айдоочу дайындады

© Sputnik / Табылды Кадырбековпрезидент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева. Архив
президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин интернетке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто отурган жана көчөдө күтүп турган сүрөттөрү тараган болчу.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто жүргөн сүрөтүн көрүп ага унаа белек кылды. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент айдоочуну дагы бекитип, ага айлык чектеп берген.

"Татарстан машинанын эксплуатацияга берилишин жана күйүүчү майга кете турган чыгымдардын бардыгын мойнуна алды. Раиса Атамбаева Рустам Миннихановдун адамгерчиликтүү мамилесине, колдоосуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле элдин колдоосу ага күч-кубат жана жаркын келечекке ишеним берип жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Брифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев дагы туруп кетип калды. Бирок УКМК сотту башка себеп менен жылдырды
Атамбаева мекендештерин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктаган.

Эске салсак, буга чейин интернетке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто отурган сүрөттөрү тараган болчу. Колдонуучулар анын Бишкектеги Абдрахманов жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка күтүп турганын жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0