Раиса Атамбаевага Татарстан президенти унаа белек кылган эмес

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел переговоры с президентом Киргизии А. Атамбаевым
Президент РФ В. Путин провел переговоры с президентом Киргизии А. Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миннихановдун маалымат катчысы Лилия Галимова КСДПнын белекке алган унаа тууралуу тараткан билдирүүсүн четке какты.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага унаа белек кылган эмес. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Миннихановдун маалымат катчысы Лилия Галимова КСДПнын унаа белекке алгандыгы тууралуу тараткан билдирүүсүн четке какты.

Анын айтымында, Татарстан башчысы Атамбаевдин жубайына унаа берген эмес.

"Татарстан Республикасынын президентинин атынан эч кандай автоунаа тапшырылган жок",— деди Галимова.

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-декабрда, Кыргызстан социал-демократтар партиясы Раиса Атамбаевага белек кылынган унаа күйүүчү май, айдоочусу жана анын айлыгы менен чектеп берилгендигин кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0