Эс алуу күндөрү кош бойлуулар жана балдар үчүн иштеген ооруканалардын тизмеси

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOБеременная женщина в офисе
Беременная женщина в офисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кош бойлуу аялдар менен 16 жашка чейинки балдар медициналык жардамды төмөнкү пункттардан акысыз жана күнү-түнү алса болот.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Эс алуу күндөрү кош бойлуу келиндер менен балдарды күнү-түнү кабыл алуучу бөлүмдөргө кайрыла алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, күнү-түнү кабыл алуучу бөлүмдөр дем алышсыз иштеп, акысыз медициналык кызмат көрсөтүшөт.

Күнү-түнү кабыл алуучу бөлүмдөр кандай медициналык тейлөө көргөзөт?

Дарыгерлер консультация берип, диагностикалык изилдөө жүргүзөт. Зарыл болсо УЗИ же изилдөөнүн башка түрлөрүн жасап, операция да кылышат.

Эгер баланын ден соолугу жакшы болсо, ата-энесине же аймактык дарыгерге табыштап үйүнө коё берет. Бирок баланын абалы начар экени аныкталып же дарылаш керек болсо, ооруканага жаткырылат.

Күнү-түнү кабыл алуучу бөлүмдөрдүн тизмеси

Мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдагы эс алуу күндөрү мэрия жетекчилери иште болот
Балдарга медициналык жардам Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулар клиникасында жана шаардык балдар клиникалык ооруканасында (3-балдар ооруканасы) берилет. Ысык-Көл жана Ошто облустук клиникалык балдар ооруканасынан жардам ала алышат.

Ал эми кош бойлуу келиндер Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, шаардык перинаталдык борборуна (4-төрөт үйү), №1 жана №2 шаардык төрөт үйлөрүнө, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустук ооруканаларына кайрыла алышат.

Толгоо келип, кан басымы көтөрүлүп кеткен кош бойлуу келиндер үчүн медициналык кызматкерлер 24 саат нөөмөттө болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0