Бишкектеги коюу туман. Архивдик сүрөт

Сак болуңуздар! Бишкек менен Чүйгө коюу туман түшөт

104
(жаңыланган 11:05 31.12.2019)
Туман бүгүн, 31-декабрда, жакынкы үч саат аралыгында жана түн ичинде түшөт. ӨКМ жашоочуларды сак болууга чакырды.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Борбор калаага жана Чүй облусунун айрым аймактарына коюу туман түшөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, туман бүгүн, 31-декабрда, жакынкы үч саат аралыгында жана түн ичинде каптайт.

ӨКМ жашоочуларды сак болууга чакырды.

104
Белгилер:
Бишкек, Чүй облусу, аба ырайы, туман, ӨКМ
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! ӨКМ жыл жаңырар алдында көчкү түшөрүн эскертти
Ооруканадагы бөлмө. Архив

COVID-19: Бишкекте бош оруну бар ооруканалардын тизмеси

16
(жаңыланган 10:42 25.10.2020)
Ооруканаларда мурдагы күндөргө салыштырмалуу орундар азайганы байкалды. Акыркы маалыматтар боюнча, эң көп бош орун Кардиология борбору менен №1 шаардык клиникалык ооруканасында бар.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

25-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 121 бош орун бар.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
  • Улуттук хирургия борбору — 5;
  • Улуттук госпиталь — 17;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 28;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 19;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 10;
  • Темир жол ооруканасы — 6;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.
16
Белгилер:
бош орундар, дарт, коронавирус, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

Исхак Раззаков кандай үйдө жашаган? Музейге айланган жайдын видеосу

63
Бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Согуштан кийинки жылдары Кыргызстандын өсүп-өнүгүп, бутуна турушуна зор салым кошкон айтылуу мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков Бишкекте кандай үйдө жашаганын Sputnik окурмандарга көрсөтүп берет.

Азыр Раззаковдун үй-музейине айланган имарат 1938-жылы жогорку мамлекеттик кызматтагыларга жашап турганга бериле баштаган. Анын ичинде Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен 11 жыл өмүр сүргөн. Андан соң имаратта башка кызматкерлер жашап, кийин Пионерлер үйү, анан бала бакча болгон. Акыркы болуп ПРООН иш кеңсеси катары пайдаланган.

Бишкектеги мемориалдык музейлердин директору Арман Момаханованын айтымында, мындан 15 жыл мурда Раззаков жашаган жерди үй-музейге айландыруу чечими күчүнө кирип, ПРООН кеңсеси башка жакка көчкөн.

"Ошол жылдары үй-музейдин ичин кыска убакытта толтурганбыз. Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира архивдик материалдарды берди, өзүбүз дагы көп жерден издеп жүрүп чогулттук. Бул жактан мамлекеттик ишмердин архивдик сүрөттөрүн, документтерин, сыйлык, наам, ордендерин, кийим-кече, китеп, буюм-тайымдарын көрүүгө болот", — деди Момаханова.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин үй-музейи коноктор үчүн ачык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылы Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалап, республиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ага кийинчерээк "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Эмгеги менен эл-жерине таанылган Исхак Раззаков 1979-жылы дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы сөөгү борбор калаадагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө көмүлгөн.

63
Белгилер:
музей, үй, Исхак Раззаков, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт
Раззаков Исхак Раззакович — өмүр баяны

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

0
(жаңыланган 11:10 25.10.2020)
Кечээ, 24-октябрда, Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, жеңил салмактагылар арасындагы чемпион Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжини жеңип, чемпиондук наамын сактап калды.

Аталган турнирдеги беттештердин эң кызыктуу учурларын UFC Russia YouTube каналына жүктөдү.

Кеченин башкы кармашында Хабиб атаандашына үч бурчтук ыкмасын колдонгон, тагыраагы, эки бутун бириктирип туруп, атаандашынын моюнун кысып салган. Гэтжинин эси оогондон кийин рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

Октагондо россиялык чемпионго сөз берилгенде, ал спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Ал UFC мелдешинде 29 жолу беттешке чыгып, баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Ал эми кеченин дагы бир маанилүү кармаштарында Роберт Уиттакер Жаред Канноньени калыстардын чечими менен Александр Волков Уолт Харристи техникалык нокаут менен жеңген.

Мындан тышкары, UFC уюмунда алгачкы ирет ат салышкан казакстандык спортчу Шавкат Рахмонов бразилиялык Алекс Оливейраны муунтуу ыкмасы менен жеңген.

0
Белгилер:
видео, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын ондугунан орун алды