Майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүРайонная тепловая станция "Чертаново"
Районная тепловая станция Чертаново - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келе жаткан жумада энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштей турганы айтылды. Анын ичинде ишкананын күзөтү да ошондой режимде иш алып барат.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын энергетиктери жаңы жылдык майрамдарда күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул туурасында компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.

Штаттан тышкаркы убактарда күтүүсүз кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн ыкчам авариялык-ремонттук схема даярдалып, авариялык бригада беленделген.

"Майрам күндөрү компаниянын кызматкерлери нөөмөткө турушат. Ишкана объектилеринин күзөтү да күчөтүлүп, коопсуздук үчүн кызматтык жана өндүрүштүк подстанциянын имараттары текшерилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле байланыш каналдарынын иши, ведомство алдындагы объектилердин телемеханиктери, мобилдик байланыштар текшерилип жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0