Кебетеси кетип... Сузак районундагы балаты да элдин сөзүнө калды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБалаты. Архив
Балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 миң сомго жасалгаланган балатынын узундугу 15 метрди түзөт. Эптеген балатыны учурда жети милиция кызматкери кайтарып жатат.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун борбордук аянтына коюлган балатыны коомчулук сынга алды. Соцтармак колдонуучулардын бири Facebook баракчасына балатынын сүрөтүн жүктөгөн.

Сүрөттө көрүнгөндөй, аянтка кебетеси кеткен балаты коюлган. Аны жалтырак-жултурак менен кооздоп коюшкан.

Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариевдин айтымында, жаңы жылдык балаты 27-декабрь күнү орнотулган.

"Балатынын узундугу 15 метрди түзөт. Аны жасалгалоого 20 миң сом керектелген", — деди Сариев.

2018-жылдын соңунда Сузак айыл өкмөтүнө орнотулган балатыны белгисиз жарандар өрттөп кеткендиктен, учурда аны жети милиция кызматкери кайтарып жатат.

Буга чейин Базар-Коргон районунун борбордук аянтына коюлган балаты да жергиликтүү жашоочуларды күлкүгө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0