Автоунаалар. Архивдик сүрөт

Мамлекеттик каттоо кызматы КРге унаа алып келгендерге эскертүү берди

836
Акыркы айларда "Унаа" мамлекеттик ишканасынан алгачкы каттоодон өтүп жаткан унаалардын саны көбөйгөн.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанга чет өлкөдөн кирген унааларды 10 күн аралыгында каттоо зарылдыгын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 31-декабрда, ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген унааларды жеңилдетилген тариф менен каттатуу мөөнөтү аягына чыгат. Буга байланыштуу акыркы айларда "Унаа" мамлекеттик ишканасынан алгачкы каттоодон өтүп жаткан унаалардын саны көбөйгөн.

"Унаа сатып алынгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүү керектигин эске салабыз", — дешти Мамкаттоодон.

1-7-январь аралыгында кыргызстандыктар эс алганына байланыштуу 30-31-декабрь күндөрү өлкөгө алынып келген унаалар 10 жумушчу күндүн ичинде каттоого алынышы шарт. Тагыраагы, 10 күндүк каттоо мөөнөтү 8-январдан баштап эсептелет.

836
Белгилер:
каттоо, унаа, Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин жылдырылды
Соңку үч жылда канча паспорт берилип, канчасы жоголгон? Каттоо кызматынын жообу